Казакстанда коронавирустан 59 медицина кызматкери көз жумду

Казакстанда коронавирустан 59 медицина кызматкери көз жумду

Казакстанда медицина кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын 123 учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой бүгүн атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, 59 медицина кызматкери коронавирустан көз жумду. Мекеме башчысы COVID-19 жуккан жана эпидемиядан каза болгон дарыгерлердин туугандарына компенсация төлөп берүү жөнүндө суроого жооп берди.

«Тизмени аймактардан алып, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине жөнөттүк. Бүгүнкү күндө жумуш орундарында медициналык кызматкерлердин коронавирустук инфекциясынын 123 учуру катталды. Алардын ичинде 59 медкызматкер көз жумган», - деди Алексей Цой  маалымат жыйынында.

Министрдин айтымында, жардам акы берүү маселесин жооптуу уюм жүргүзөт.

«Биздин милдет тизмени түзүп, тапшыруу. Тизмеден тышкары, ал дарыгердин конкреттүү кайсыл жерде, үйүнөн же жумушта жуктурганы боюнча карала турган эпидемиологиялык карта бар. Башкача айтканда, так эпидемиологиялык анализ бар», - деди ал.