45 376 казакстандык коронавирус илдетинен айыгып чыкты

45 376 казакстандык коронавирус илдетинен айыгып чыкты

Акыркы бир сутка ичинде Казакстанда 1975 адам коронавирустук инфекциядан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери дарыгерлер 45 миң 376 казакстандыкты оорудан сактап калышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө 1630 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 745 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү деп табылды.

Алардын басымдуу бөлүгү Алматы (+251), Нур-Султан (+248), Караганды облусу (+168) жана Чыгыш Казакстан облусунда (+163) катталган. Өлкөдөгү COVID-19 бейтаптарынын саны 73  миң 468 адамды түздү.

Аймактардагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 8619 (+248)

Алматы - 9394 (+251)

Шымкент  - 4480 (+27)

Акмола облусу - 2054 (+53)

Актөбе  - 2753 (+17)

Алматы облусу  - 3679 (+54)

Атырау  - 9283 (+96)

Чыгыш Казакстан облусу - 4250 (+163)

Жамбыл - 2957 (+61)

Батыш Казакстан - 4845 (+103)

Караганды  - 7226 (+168)

Костанай - 2017 (+57)

Кызылорда  - 2349 (+119)

Маңгыстау  - 2348 (+54)

Павлодар - 2447 (+67)

Түндүк Казакстан облусу - 2270 (+72)

Түркестан - 2497 (+20).

 

Фото: gazeta.ru