100 тез жардам автоунаасы, кычкылтек концентраты жана ИВЛ аппараты - «Самрук-Казына» фондунан жардам

100 тез жардам автоунаасы, кычкылтек концентраты жана ИВЛ аппараты  - «Самрук-Казына» фондунан жардам

Казакстандын ооруканаларына 100 тез жардам автоунаасы, кычкылтек концентраты, 50 ИВЛ аппараты, импульс оксиметрлери жана 3000 вируска каршы дары-дармек жеткирилет. Саламаттык сактоо министрлигине Самрук-Казына улуттук фондунан эң керектүү медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул жардам COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө тармак менен Улуттук фондунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында жасалды.

«Бул иш-чаралардын бардыгын президент Касым-Жомарт Токаев колдогон. Белгилүү болгондой, Эл Башы менен жакында жолугушуу болуп, Нур-Султан жана Алматыда эки медициналык борборду куруу үчүн ички фонддон каражат бөлүү тапшырмасы берилген. Бул борборлор калкка медициналык кызмат көрсөтүү эле эмес, ошондой эле, илимий дараметти арттыруу үчүн да колдонулат. Биз бул ишти баштадык жана акчаны резервге салдык», - деп атап өттү фонддун башкарма төрагасы Ахметжан Есимов.

Фонддун башчысы Саламаттык сактоо министрлигинен медициналык борборлорго техникалык шарттарды тездетип берүүнү жана ушул шаарлардын акимдеринен тийиштүү коммуникациялары бар жер участкаларын бөлүп берүүнү өтүндү. Өз кезегинде Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Фонддун корпоративдик социалдык жоопкерчилиги жана жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавирус менен күрөшүүдө улуттук саламаттык сактоо тутумун чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Меморандум азыркы эпидемиологиялык учурунда жана керектүү чараларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бере турганына ишенем»,- деди Алексей Цой.

Белгилей кетсек, бул «Самрук-Казына» фондунун өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн биринчи колдоосу эмес. Пандемия башталгандан бери, фонд Алматы жана Нур-Султан шаарларында эки реабилитациялык жана жугуштуу оорулар клиникасынын курулушун каржылаган. Ошондой эле, эпидемия менен күрөшүүдө алдыңкы орунда турган дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана социалдык кызматкерлерге 6 миллион коргоочу беткап алууга каражат бөлгөн.

 

Фото: sk.kz


×