COVID-19: дуйнөдөгү абал курч бойдон калууда

COVID-19: дуйнөдөгү абал курч бойдон калууда

10 жаштагы балдар чоңдор менен бирдей шартта коронавирус инфекциясын жайып жатышат. Мындай жыйынтыкка Түштүк Кореянын окумуштуулары келишкенин The Washington Post жазып чыкты. Басылманын маалыматына ылайык, кеңири масштабдуу изилдөө жүргүзүүнүн натыйжасында, 10 жашка чейинки балдардын ооруну башкаларга жуктуруп алуусу эки эсе жогору экени аныкталган. Адистер бул жыйынтыкты балдардын аң-сезиминин өсүшү менен байланыштырышат. Алар улуулардан төмөнкү деңгээлде респиратордук инфекция жуктуруу ыктымалдыгын азайтат.  

Ал эми 10 жаштан 19 жашка чейинки муундардын башкаларга караганда илдетти жуктуруу мүмкүнчүлүгү жогору. Жаш өспүрүмдөрдүн аң-сезими өсүүдө, бирок алардын гигиена эрежелери жаш балдардыкы менен бирдей. Окумуштуулардын айтымында, жаш өспүрүмдөр курдаштары менен көбүрөөк карым-катнашта болушат. Ошондуктан инфекцияны таратуу көрсөткүчү жогору.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 14 миллион 457 миң адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын саны АКШда, Бразилияда, Индияда жана Түштүк Африкада жогору. Дүйнө жүзүндө COVID-19дан 605 миңден ашык адам көз жумду. Алардын төрттөн бири АКШга таандык.

Коронавирус кайрадан күч алды

АКШда коронавирустун таралышы түштүк штаттарда күч алууда. Флорида, Техас жана Аризона штатында карантин жана маскаларды милдеттүү түрдө тагып жүрүү узак убакытка кармалып турат.

Ал эми Францияда бүгүн, теке айынын 20нан баштап коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 135 евро айып пул салынат. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери соода борборлорунда, жабык базарларда, музейлерде, банктарда жана унаа токтотуучу жайларда бул эрежени катуу көзөмөлгө алуу керектигин сунушташты. Акыркы күндөрү Франциянын батышында COVID-19 учурларынын саны кескин өсүп, жуктуруу учурлардын саны көбөйгөн. Мындан тышкары, борбор калаанын Иль-де-Франс районунда кырдаал начарлап кетти. Франциянын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, эпидемия башталгандан бери өлкөдө 174 миңге жакын коронавирус инфекциясы катталып, 30 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Маскаларды милдеттүү түрдө тагынуу тартиби Австралиянын Мельбурн шаарында да киргизилди. Тийиштүү жарлык теке айынын 22де күчүнө кирет. Виктория өкмөтү мындай иш-чаралар жугуштуу оорулардын көбөйүп жаткандыгына жооп катары кабыл алынганын билдирди. Мындан тышкары, 21нен тарта Австралия мамлекеттер ортосундагы чек ара аймактарында кошумча чектөөлөр киргизилет. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 11 миңден ашык коронавирус учурлары аныкталды.

Гонконгдо вирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Бул жерде 24 сааттын ичинде 100дөн ашык адамдан коронавирус аныкталды. Инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө үчүн 180 миң мамлекеттик кызматкер аралыктан иштөө режимине өттү. Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаал акыркы үч жумада турукташкан. Бирок теке айынын 16нан бери вирус жуккан учурлардын саны кайрадан күч алды. Тургундарга төрт кишиден ашык адамдын чогулуусуна тыюу салынды. Спорт залдар, бассейндер, барлар, клубдар, кинотеатрлар жана жергиликтүү «Диснейленд» ишин токтотту.

 

Фото: dw.com