Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 43 миңден ашты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 43 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 372 адам коронавирустук инфекциядан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери дарыгерлер 43 401 казакстандыкты оорудан сактап калышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, акыркы бир күндө өлкөдө 1499 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 706 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчүлөр экендиги аныкталды.

Илдет жуктургандардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан (+226), Алматы (+221), Караганды облусу (+148) жана Атырау облусунда (+130) катталган. Республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 71 838 адамга жетти.

Аймактардагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 8371 (+226)

Алматы - 9143 (+221)

Шымкент - 4453 (+43)

Акмола облусу - 2001 (+52)

Актөбе - 2736 (+13)

Алматы облусу - 3625 (+43)

Атырау  - 9187 (+130)

Чыгыш Казакстан  - 4087 (+112)

Жамбыл - 2896 (+104)

Батыш Казакстан - 4742 (+95)

Караганды  - 7058 (+148)

Костанай - 1960 (+56)

Кызылорда  - 2230 (+19)

Маңгыстау - 2294 (+42)

Павлодар - 2380 (+106)

Түндүк Казакстан - 2198 (+69)

Түркестан  - 2477 (+20).

 

Фото: informburo.kz