Казакстанда коронавирус менен пневмония статистикасы бириктирилет

Казакстанда коронавирус менен пневмония статистикасы бириктирилет

Казакстанда пневмония менен ооругандар КВИ илдетин жуктургандар статистикасына кошулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой онлайн-брифингде билдирди.

«Коронавирус жана пневмония боюнча маалыматтардын максималдуу ачыктыгын камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы каттоонун жана маалыматташтыруунун жаңы ыкмаларын аныктады. ДССУнун Европа бюросунун техникалык кеңешин эске алуу менен КВИ ооруларын коддоо жана каттоодо жаңы эл аралык квалификациялык кодекске өтүү тууралуу чечим кабыл алдык», - деди Алексей Цой.

Анын айтымында, лаборатория тарабынан тастыкталган COVID-19 учурлары ПЧР-тест терс натыйжалуу, бирок COVID-19 окшош клиникалык жана эпидемиологиялык белгилери бар пневмония учуру менен теңештирилет.

«Топтолгон клиникалык тажрыйбаны изилдеп олтуруп, биз ушул оорулардын (KВИ жана пневмония) окшоштугу бар экенин белгилейбиз.  Ошондуктан, дарылоонун бирдиктүү тактикасы колдонулушу керек деп эсептейбиз. Теке айынын 11 Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан COVID-19 учурларын жаңы форматта классификациялоо жана каттоо жөнүндө расмий кабар алгандыгын белгилей кетким келет», - деди Алексей Цой.

Министрдин айтымында, бүгүн Казакстанда COVID-19 учурлары  лабораториялык далилденген маалыматтар менен гана жүргүзүлөт.

«Бирок кулжа айынын үчүнчү декадасынан баштап диагноз коюлбаган пневмония вирустарынын саны көбөйгөн. COVID-19 инфекциясы жана өлүмү боюнча статистика эки булактан турат: Эл аралык квалификациялык жаңы кодду колдонуу менен COVID-19 коддоосуна толук өтүү баш оона айынын биринен башталат», - деди министр.

 

Фото: zakon.kz