Коронавирусту үй шартында дарылоо ыкмалары менен оорудан айыккан бейтаптарды сакайтууда колдонулган элдик дарылоого серепчинин пикири

Коронавирусту үй шартында дарылоо ыкмалары менен оорудан айыккан бейтаптарды сакайтууда колдонулган элдик дарылоого серепчинин пикири

Казакстанда коронавирустун күч алуусу уланууда. Бүгүнкү күндө аталган оорудан толук айыгып чыккан адамдардын саны 40 миңден ашты. Эми алдыда ооруну жеңип чыккан адамдарды тез жайылып жаткан эпидемия менен кайрадан инфекция жуктуруп албоо маселеси тынчсыздандырат. Ал канчалык кооптуу? Өлкө калкын ойлондуруп жаткан ушул жана башка маселелерге байланыштуу жеке пикирин каналга маек берген коомдук саламаттык сактоо борборунун жетекчиси Жазира Егембердиева билдирди. Анын айтымында, бул оору менен ооругандар иммуноглобулин G жана иммуноглобулин М антителолоруна тест тапшырышы керек. Эгерде алар организмде аныкталса, бул адамдын иммундук системасы ооруга ылайыкташкандыгын билдирет. Бирок бул кооптуу инфекцияны мындан ары кайра жуктуруу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.

«Учурда бул боюнча так маалыматтар жок. Дүйнөдө бул илдетке чалдыккан адамдар көп. Алардын кайталап жуктургандыгы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер адамдын иммундук системасы жакшы болсо, анда ал кайрадан ооруга чалдыкпайт. Албетте, иммунитетсиз коркунуч бар. Бул ар бир учурда ар кандай болушу мүмкүн», - деп эскертти Жазира Ембердиева.

Серепчи кооптуу оорудан айыктым, болду деп отуруп калбоо керектигин айтат. Себеби, организм вирус менен күрөшүп абдан алсырайт. Ошондуктан аны оңолтуп, күч-кубат жыйнап алуу үчүн мүмкүн болушунча ден-соолукту калыбына келтирүү маани берген жакшы, дейт адис.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, оорудан толук айыгып кеткен адамдар дем алуу органдарын калыбына келтирүү ыкмаларын колдонушу керек. Алардын эс алуусу кыйын болот. Жабыркаган дем алуу системасын калыбына келтирүү керек. Психологиялык калыбына келтирүү да абдан маанилүү. Дененин иммундук системасы алсырашы мүмкүн. Аны жакшыртуу керек. Азыр жай. Андыктан убакытты пайдаланып, таза абада көбүрөөк сейилдөө керек. Мындан тышкары, туура тамактанууну унутпоо зарыл», - дейт Жазира Ембердиева

Саамал, кымыз сыяктуу ак ичүү, сарымсак жегендин коронавируска каршы  натыйжалуулугу аз. Мындай элдик дарылоо кооптуу дартка шыпаа болуусу күмөн. Ал жөн гана өзүн өзү алаксытуунун жолу. Тескерисинче, ашказан начар адамдар ооруну күчөтүп алуусу толук мүмкүн, дейт адис.

«Мен андай үй шартындагы элдик дарылоого каршымын. Иммундук системаңызды жакшыртуу үчүн жогорку белоктуу, витаминдүү тамактарды жешиңиз керек. Мисалы, эт шорпосун кайнатып, боор жеген жакшы. Жаңгак жана быштак сыяктуу азыктар да пайдалуу. Жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеген жакшы», - дейт серепчи.

«Сактансаң сак болосун» демекчи, адис элдерди жөнөкөй санитардык талаптарды жана сактык чараларын сактоого чакырды. Коомдук жайларга барбай, алыска сапарга чыгуудан баш тарткан жөн. Жазира Ембердиеванын айтымында, социалдык аралыкты сактоо, колду тез-тез жуу, антисептиктерди колдонуу жана маска тагынуу оорунун жайылышын алдын алат.

 

Фото: moscvichka.ru


×