РКнын Президенти: Пандемия абалы тууралуу бардык маалыматтарды коомчулук билүүгө тийиш

РКнын Президенти: Пандемия абалы тууралуу бардык маалыматтарды коомчулук билүүгө тийиш

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө пандемиянын статистикасын тактоону тапшырды.  Президент коронавирустан тышкары, пневмониянын казакстандыктарга тийгизип жаткан таасирине да токтолду.

Президент өзүнүн Twitter баракчасында:

«Өкмөткө пандемия статистикасын бириктирүү милдеттендирилди. Коронавирустан тышкары, пневмония жарандардын саламаттыгына жана жашоосуна олуттуу кесепетин тийгизип жатат. Пандемия жөнүндөгү маалымат канчалык ачуу болбосун, аны коомчулук билиши керек. Ачыктык жана өз ара ишеним болгондо гана биз бул эпидемияны тез арада биргеликте жеңебиз», – деп жазды.

Белгилей кетсек, ДССУнун серепчилери жакынкы күндөрү Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаалга баа берүү үчүн келишет. Алар пневмония боюнча маалыматтарды изилдөө максатында лабораторияларга барып, COVID-19 менен өпкөнүн кагынуусунун ортосундагы байланыштын бар-жогун текшерет.

 «Учурда эл аралык уюмдар жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, статистика ПЧР тести аныктаган учурларды гана камтыйт. Бирок биз маалыматтарды талдап жатабыз. Биз сурам жөнөттүк, жакынкы аралыкта ДССУдан жооп алабыз жана сүйлөшүүлөрдө эске алынуучу маалыматка жете алабыз. Ар бир мамлекеттин өз статистикасы жана эсепке алуу ыкмасы бар. Биз аны бардык мамлекеттерге шайкеш келтиргибиз келет», – деп билдирди саламаттык сактоонун вице-министри Людмила Бюрабекова.

 

Фото: akorda.kz