Казакстан 1,2 миллион тест-тутумун сатып алат

Казакстан 1,2 миллион тест-тутумун сатып алат

Казакстанда коронавирусту аныктоочу тест системаларынын жетишсиздиги көйгөйү чечилип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугун контролдоо боюнча комитеттин төрагасы Тимур Султангазиев онлайн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин өлкө аймагында баш-аягы  1,7 миллион изилдөө жүргүзүлдү. Комитет төрагасы белгилегендей, учурда тест системаларын ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу мерчемделүүдө.

«Улуттук талдоо борборунун бардык бөлүмдөрүндө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тест-тутумун колдонуу көздөлүүдө. Өкмөттүн резерви алкагында 1,2 миллион изилдөө жүргүзүү үчүн тест-системаларын сатып алуу мерчемделген. Жергиликтүү жана чет элдик тест-тутумдарына техникалык талаптар бар. Ошол талаптарга жооп берген тест-системалары гана сатып алынат», - деди Тимур Султангазиев.

Ошондой эле, комитет төрагасы дары-дармектерге болгон баа катуу көзөмөлдө экендигин белгиледи. Анын айтымында, каалаган жаран социалдык маанилүү дары-дармектердин баасынын бузулуу фактыларын каттоого ала алат.

«Казакстандыктар дары-дармектердин баасын көтөрүү тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча комитетинин аймактык бөлүмдөрүнө, электрондук өкмөт порталына же DariKz мобилдик тиркемеси аркылуу кайрыла алышат. Мобилдик тиркеме аркылуу жарандар ар бир препараттын максималдуу баасын билип, белгилүү бир дарыга белги коюп, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетине жөнөтө алат», - деп түшүндүрдү комитет башчысы.

Тимур Султангазиевдин айтымында, Саламаттык сактоо министринин буйругуна ылайык, Казакстанда дары-дармектердин 6478 түрүнө максималдуу баа бекитилген. Атайын түзүлгөн топторго мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө милдети коюлган. Мындай көзөмөл менен 1400дөн ашык дарыкана уюму камтылган.

 

Фото: khabar.kz


×