Дарыгер: коронавирусту жеңүү биздин колубуздан келет

Дарыгер: коронавирусту жеңүү биздин колубуздан келет

Коронавирус жуктурду деп шектелген бейтаптарды ооруканада биринчи болуп карай турган - нөөмөтчү дарыгер болуп саналат.  Ооруканадагы бейтаптын абалын баалап, кайсы бөлүмгө кайрылыш керектигин аныктайт. Азат Тойшыбаев көп тармактуу медициналык борбордо иштейт. Ал өлкөдө пандемия жарыялангандан бери коронавируска каршы күрөшүп жүргөндөрдүн бири. Ал үй-бүлөсүн 4 айдан бери көрө элек. Адис эс алуу убактысын Kazakh TV кабарчысына маек берүүгө арнап,  өзүнүн жумушу тууралуу айтып берди.  Азат Тойшыбаев иштеген ооруканада күнүнө 15тен 40ка чейин бейтап  келип түшөт. Алардын арасында коронавирус жуктургандар менен бирге эки же бир жактуу өпкө кагынуусу менен келип жаткандар да бар.

«Оор, орто жана жеңил түрлөрү менен келгендер бар. Азыркы учурда биз жеңил түрдө түшкөндөрдү кабыл албайбыз. Мындай бейтаптардын көпчүлүгү амбулатордук баскычта дарыгердин көзөмөлүндө болушат. Жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүнөн тышкары, пневмония жана компьютердик томографиядан кийин өпкө кагынып, абалы начарлаганда, ал дароо биздин бөлүмгө жаткырылат. Биз анын абалы боюнча кылдат текшерип, натыйжалуу дарылоо үчүн аны тиешелүү бөлүмгө жөнөтөбүз».    

«Коронавирустун дарысы табылып, илдетти милдеттү түрдө жеңебиз!  Ал үчүн биз кооптуу дартка каршы күнү түнү тынбай күрөшүшүбүз керек». Улуттун саламаттыгы үчүн иштеген дарыгерлердин жумушчу күнү ушул сөздөр менен башталат.

«Бала-чакамды көрбөгөнүмө төрт айдан ашып калды. Биз алар менен уюлдук телефон аркылуу гана сүйлөшөбүз. Күн сайын андай боло бербейт. Чарчап чай гана ичип жаткан күндөр бар. Себеби, уйкунун өзү кыял болуп кетти. Бул оору эртеби-кечпи жок болот. Бул биздин колубузда. Бизден башка эч ким жок. Ошондуктан биз ар бир иш күнү өзүбүздү кубаттап, негизги кызматыбызга киришебиз», - дейт Азат Тойшыбаев.

Коронавируска каршы күрөшүүдө кесиптик парзын жана жарандык милдетин аткарып жаткан ак халатчан адамдар улуттун саламаттыгы үчүн жан аябастыктын жаркын үлгүсү!