ДССУ казакстандык дарыгерлерге медициналык коргонуу каражаттарын берди

ДССУ казакстандык дарыгерлерге медициналык коргонуу каражаттарын берди

Медицина кызматкерлери СOVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө негизги ролду ойношот. Муну эске алуу менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму казакстандык дарыгерлерди коргоочу шаймандар менен камсыз кылды.

«Казакстандын медициналык адистери үчүн жеке коргонуу каражаттары жүктөлгөн учак Алматы аэропортуна конду. Жеткирүү ДССУнун Казакстандагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Жүк партиясында медициналык адистер үчүн зарыл болгон жеке коргоо каражаттары бар. Респиратор жана медициналык бет кап, бет калкан жана көз айнектер, ошондой эле, коргоочу кийимдер. 53 тоннадан ашык жүктүн жалпы баасы 2,7 миллион АКШ долларын түзөт», - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлоосунда.

«СOVID-19  эпидемиясына каршы күрөшүүдө медицина кызматкерлери башкы ролду аткарышууда. Алар өзүлөрүн жана бейтаптарды инфекциядан коргоп, илдетти айлана-чөйрөгө жайылышына жол бербөө үчүн керектүү коргоочу шаймандар менен камсыздалышы керек», - деди Казакстандагы ДССУнун Элдик кеңешенин башчысы Кэролайн Кларинваль.

ДССУ Казакстандын эпидемияга каршы күрөшүүсүн колдоо үчүн техникалык экспертиза жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү улантат.

 

Фото: inform.kz