Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 39 миңден ашты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 39 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1058 адам коронавирустук инфекциядан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери дарыгерлер 39 миң 66 казакстандыкты оорудан сактап калышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкөдө 1674 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 863 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү экендиги белгилүү болду.

Илдет жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Алматы (+219), Атырау (+218) жана Нур-Султан (+204) шаарларына туура келет. Өлкөдөгү COVID-19 бейтаптарынын саны 65188 адамды түзөт.

Республиканын аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 7353 (+204)

Алматы - 8259 (+219)

Шымкент - 4251 (+76)

Акмола облусу - 1812 (+43)

Актөбе - 2598 (+53)

Алматы облусу - 3379 (+88)

Атырау - 8515 (+218)

Чыгыш Казакстан облусу - 3509 (+133)

Жамбыл  - 2433 (+87)

Батыш Казакстан - 4327 (+101)

Караганды  - 6544 (+100)

Костанай - 1745 (+49)

Кызылорда  - 1973 (+74)

Маңгыстау - 2152 (+41)

Павлодар - 2027 (+63)

Түндүк Казакстан облусу - 1940 (+95)

Түркестан  - 2371 (+30).

 

Фото: tass.ru