Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 38 миңден ашты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 38 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 2097 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери оорудан айыккан казакстандыктардын жалпы саны 38 миң 8ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө 1759 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын 844 клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчүлөр.

Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан (+250), Алматы (+229), Актөбө (+196) жана Атырауда (+179)  катталган. Республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 63 миң 514 адамды түзөт.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан  - 7149 (+250)

Алматы - 8040 (+229)

Шымкент  - 4175 (+28)

Акмола облусу - 1769 (+42)

Актөбе - 2545 (+196)

Алматы облусу - 3291 (+82)

Атырау  - 8297 (+179)

Чыгыш Казакстан облусу - 3376 (+139)

Жамбыл - 2346 (+79)

Батыш Казакстан - 4226 (+98)

Караганды - 6444 (+98)

Костанай - 1696 (+45)

Кызылорда - 1899 (+53)

Маңгыстау  - 2111 (+38)

Павлодар - 1964 (+88)

Түндүк Казакстан облусу - 1845 (+75)

Түркестан  - 2341 (+40).

 

Фото: pricom.kz