Казакстанда ИВЛ аппараттарынын өндүрүшү жолго коюлат

Казакстанда ИВЛ аппараттарынын өндүрүшү жолго коюлат

Казакстанда түркиялык ишкерлер менен биргеликте жасалма дем алдыруу аппараттарынын (ИВЛ) өндүрүшүн ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Казакстандын ИИДМ басма сөз кызматы билдирди.

«Бул аппараттардын сериялык өндүрүшү Түркияда 2020-жылдын чын куран айында ишке кошулган. Бүгүнкү күнгө чейин Biyovent ИВЛ аппараты Нур-Султан шаарындагы жугуштуу оорулар борборуна текшерүүдөн өткөрүү үчүн тапшырылды. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча өндүрүштү обочолоо жөнүндө чечим кабыл алынды», – дейт «KAZAKH INVEST» УК» АК №2 долбоорлор менен иш алып баруу департаментинин жетекчиси Амир Ахметов.

Саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун айтымында, өлкөдө керектүү шаймандардын өнөр жай өндүрүшү баш оона айында ишке кошулуп, 595 аппараттан турган алгачкы партиясы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет. Бүгүнкү күндө инфекциялык жана провизордук стационарларда  966 ИВЛ аппараты бар. Адистердин айтымында, өлкөдө илдетке байланыштуу кырдаал курчуп кетсе дагы 5000ге жакын шайман керек болот. Жабдууларды сатып алууга ар кандай каржы булактардан болжол менен 50 миллиард теңге багыттоо мерчемделген.

 

Фото: inform.kz