РКнын ССМ: дарыканалар препараттар менен үзгүлтүксүз камсыздалууда

РКнын ССМ: дарыканалар препараттар менен үзгүлтүксүз камсыздалууда

Аймактарга дене табын түшүрө турган жана антибактериалдуу препараттардын айлык кору жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Өкмөттүн кеңейтилген отурумунда билдирди.

«Өлкөдөгү дары-дармек корун толтуруу үчүн Орусияга эки учак, Индияга бир учак жөнөтүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин ички өндүрүштү кошо алганда 2 миллиард теңгеге бааланган 3,5 миллион дары-дармек жеткирилди», - деди министр.

Аймактарга жөнөтүлгөн бардык дары-дармектер калк арасында чоң суроо-талапка ээ. Дене табын түшүрө турган жана антибактериалдуу препараттардын 21 түрү бирдей даражада бөлүштүрүлгөн. Жергиликтүү бийлик дарыкана тармагын көзөмөлдөп, дары-дармектердин дарыканаларда болушун камсыз кылышы керек.

«Үстүбүздөгү жылдын теке айынын 15 жана 17 дагы эки учакты Индияга, дагы бирин Орусияга жөнөтүү көздөлүп жатат. Дары-дармектердин кору күн сайын көзөмөлдө болот», - деп кошумчалады Алексей Цой.

Мындан тышкары, ата мекендик фарм компаниялар да өндүрүш көлөмүн арттырып жатат.

 

Фото: newtimes.kz