Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 62 миңге жакындады

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 62 миңге жакындады

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1885 адам коронавируска чалдыкты. Алардын ичинен 1011 клиникалык белгилери жок вирус алып жүрүүчү катары катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 61 миң 755 адамды түзөт. Оорулуулардын көпчүлүгү Чыгыш Казакстан облусунда (225), Алматы шаарында (220) жана Нур-Султанда (211) катталган.

Аймактпрдагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Атырау  - 8118 (+190),

Алматы - 7811 (+220),

Нур-Султан шаары - 6899 (+211),

Караганды облусу - 6346 (+102),

Шымкент шаары - 4147 (+80),

Батыш Казакстан облусу - 4128 (+138),

Чыгыш Казакстан облусу - 3237 (+225),

Алматы облусу  - 3209 (+79),

Актөбе  - 2349 (+171),

Түрекстан облусу - 2301 (+59),

Жамбыл  - 2267 (+78),

Маңгыстау - 2073 (+24),

Павлодар - 1876 (+73),

Кызылорда - 1846 (+62)

Түндүк Казакстан облусу - 1770 (+59),

Акмола облусу - 1727 (+39),

Костанай облусу - 1651 (+46).

Дарыгерлер 35 миң 911 адамды дарылап чыгарышкан. Ал эми 396 адам илдеттен көз жумду.

 

Фото: rbc.ru


×