COVID-19: Дүйнөдө илдет күч алууда

COVID-19: Дүйнөдө илдет күч алууда

Коронавирусту жуктурган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 13 миллионго жакындады. Эпидемиядан каза тапкандардын саны дагы көбөйдү. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, COVID-19 илдети ушул убакка чейин 569 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Белгилей кетсек, өткөн суткада АКШда дагы бир анти-рекорд катталды. Жекшемби күнү эпидемия 71 миң 389 адамда тастыкталды, ал эми ишемби күнү алардын саны 66000 кишиден бир аз жогору болгон. Дем алыш күнү өлкө президенти Дональд Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу эл алдына бет кап тагынып чыкты.

«Маска тагынуу абдан жакшы чечим деп ойлойм. Мен аны тагынууга эч качан каршы болгон эмесмин, бардык нерсенин өз убагы жана орду бар деп эсептейм», - деди ал Ак үйдөн чыгар алдында.

Маалымат каражат булактары Трамптын жардамчылары бир нече жолу президентке бет кап тагынууну эскерткенин кабарлаган. Бирок Мамлекет башчысы акциялар, пресс-конференциялар жана башка коомдук иш-чаралар учурунда бул сунушка көңүл бурган эмес.

Учурда АКШда КВИ менен ооруган адамдардын саны 3,3 миллиондон ашты. 135 миң 205 америкалык вирустун курмандыгы болду.

Эпидемиологдордун айтымында, АКШда инфекциянын жайылышы эпидемияны токтото турган уникалдуу механизмдин жоктугуна байланыштуу. Учурда ар бир штат өз алдынча күрөшүп жатат. Бирок федералдык масштабдагы стратегия керек дешет алар.

Оору жуктуруу учуру боюнча дүйнөдө экинчи орунда  1,8 миллиондон ашуун көрсөткүчү менен Бразилия турса да, Индия азыр көңүл чордонунда. Бул өлкөдө коронавирустун таралышы рекорддук деңгээлге жетти жана өткөн сутка ичинде 29 миң адамдан инфекция аныкталды. Жакында эле Болливуддун атактуу актёрлору жана алардын үй-бүлөлөрү коронавируска чалдыкканы кабарланган. Инфекция жуккандардын арасында Индиянын кино мега жылдыздары Амитабх Бачхан, анын уулу Абишек Баччан, келини (мурунку Дүйнөлүк Мисс жана актриса) Айшвария Рай жана 8 жаштагы небереси бар.

Учурда Индияда массалык тестирлөө иштери жүрүп жатат. Адистердин айтымында, эпидемия өлкөдө өзүнүн жогорку чегине жете элек. Белгилей кетсек, Индияда 878 миң адам илдетке чалдыгып, 23 миңден ашуун адам көз жумган.

Индиядан кийин анти-рейтингде Орусия турат (72 603 адам жуккан). 326000ден ашуун адам оору жуктурган Перу дагы алдыңкы бештикке кирди.

 

Фото: news.liga.net


×