Коронавирустан көз жумган казакстандык дарыгерлердин тизмеси жарыяланды

Коронавирустан көз жумган казакстандык дарыгерлердин тизмеси жарыяланды

Жалы улуттук аза күтүү күнүндө саламаттык сактоо министри Алексей Цой пандемиядан каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«COVID-19 пандемиясынан жүздөгөн казакстандык каза болду. Алардын арасында биздин туугандарыбыз, досторубуз жана кесиптештерибиз бар. Саламаттык сактоо министрлигинин жана өзүмдүн атымдан жакындарынан айрылган мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушул күндөрү менин кесиптештерим - дарыгерлер жана медайымдар бул дүйнө менен кош айтышты, түбөлүк сапарга аттанышты. Алар  күтүлбөгөн коркунучтарга туш болуп, акыркы демине чейин күрөшүштү. Бул трагедия биз үчүн орду толгус жоготуу. Өмүрүнүн акырына чейин алар медициналык милдеттерин жанын аябай аткарышты. Биздин эсибизде алар чыныгы баатырлар катары кала берет», - деди Алексей Цой.

COVID-19 илдетинен көз жумган 375 адамдын ичинде медицина кызматкерлери да бар.

«Провизордук, жугуштуу, карантиндик жана модулдук стационарлардын кызматкерлери бар. Бул өлкө үчүн жана ички саламаттык сактоо системасы үчүн орду толгус жоготуу. Маркумдардын ар бири адам катары, кесипкөй, адис жана жаран катары өзгөчө орунга ээ эле», - деп айтылат министрликтин кабарлоосунда.

Мекеме кооптуу инфекциянын курмандыгы болгон медицина кызматкерлеринин аты-жөнүн жарыялады.

«Семей медицина университети» КЕАК университеттик госпиталынын жүрөк-кан тамырлары хирургиясы бөлүмүнүн башчысы (ШКО) Бекжан Серикбосынулы Буланов, 1974 ж. т. ⠀

Медицина илимдеринин кандидаты, Семей медицина университеттик КЕАК факультеттик терапия кафедрасынын ассистенти, университеттик госпиталь гастроэнтерология бөлүмүнүн дарыгери Нургүл Рамазан кызы Бәркибаева, 1970 ж. т.

Екибастуз шаары (Павлодар облусу) 3-поликлиниканын медицина кызметкери Айгерим Каким кызы Мукашева, 1971 ж.т. ⠀

1-Оорукана ЖШС орто муун медицина кызматкери (Павлодар облусу) Гулбаршын Хасенкызы Шарипова, 1960 ж. т.

Павлодар облустук психикалык ден соолук борбору ШЖК КМК орто муун медицина кызматкери Лошманова Ольга Васильевна, 1972 ж. т. ⠀

Казак онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун кызматкери, Морфологиялык изилдөө борборунун санитары (Алматы шаары) Меркуленко Владимир Павлович, 1959 ж. т. ⠀

Байганин райондук ооруканасынын орто муун медицина кызматкери ктөбе облусу) Егеубай Қулай, 1965 ж.т.

РКнын ССМнин өтө кооптуу инфекциялар улуттук илимий борборунун (Кызылорда облусу) ШЖК РМК кара тумоого каршы күрөшүү станциясы филиалынын дарыгери Айсауытов Болатбек Накыбайулы, 1968 ж. т. ⠀

Узынагаш айыл-райондук ооруканасынын дарыгери (Алматы облусу) Алашбаев Бегалидин Байжонулы, 1984 ж. т. ⠀

Көкшетау шаардык көп тармактуу ооруканасы ШЖК МКК дарыгери (Акмола облусу) Олег Николаевич Исаев, 1967 ж. т. ⠀

ШЖК МКК Егиндикөл райондук ооруканасынын (Акмола облусу) орто муун медицина кызматкери Байгабылова Сауле Олжабайкызы, 1974 ж. т.

Нур-Султан шаары акимчилигинин Көп тармактуу медициналык борбору ШЖК МКК дарыгери Кожагалиев Олжабай Мусаипулы, 1959 ж. т. ⠀

№1 Шаардык клиникалык ооруканасы ШКЖ МКК хирург дарыгери Малибеков Жанибек Жумашулы, 1967 ж. т. ⠀

Узункөл райондук ооруканасы КМК медицина кызматкери (Костанай облусу) Макарова Тамара Георгиевна, 1978 ж. т. ⠀

Житикара райондук ооруканасы КМК № 9 мектебинин медайымы (Костанай облусу) Новоселова Елена Анатольевна, 1965 ж. т. ⠀

№2 Атырау облустук ооруканасының консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн инфекционисти Даулетов Жумабек Багытулы, 1956 ж. т. (эмгек тажрыйбасы 38 жыл 10 ай) ⠀

Атырау облустук кардиология борборунун катчысы Папугина Елена Яковлевна, 1963 ж.т. (эмгек өтөөсү 22 жыл) ⠀

Атырау облустук ооруканасынын рентгенолог дарыгери Султангалиев Гадлет Мамбетжанулы, 1954 ж.т. (эмгек тажрыйбасы 38 жыл 5 ай) ⠀

Алматы облусунун Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун контролдоо бөлүмүнүн башчысы, Алматы облусунун башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Баймухамбетов Кайрат Кажыманулы, 1964 ж. т. ⠀

Караганды облусунун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн Бухар-Жырау райондук уюштуруу-укуктук иштер жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Айжигитов Бакберген Сагымкожаулы, 1963 ж. т. ⠀

Шымкент шаардык Саламаттык сактоо департаментинин чарбалык башкаруу укугунда Шаардык диагностикалык борбор Мамлекеттик коммуналдык ишканасынын Эндоскопиялык диагностика борборунун башчысы Күрекбаев Бауыржан Ордабекулы, 1960 ж.т.

РКнын Саламаттык сактоо министрлиги, Шымкент шаары саламаттык сактоо башкармалыгынын чарбалык жүргүзүү укугундагы «Шаардык диагностикалык борбор» мамлекеттик коммуналдык ишканасынын Эндоскопиялык диагностика борборунун дарыгери Мамаев Касым Махмудулы, 1959 ж. т.

Шымкент шаарындагы №2 Шымкент шаардык ооруканасы ШЖК МКК дарыгери Садиев Орынбасар Алипбекулы, 1950-ж. т.

Шымкенттеги Тез жардам станциясы ШЖК МКК фельдшери Ауелбаев Тимур Айдарханулы, 1976-ж.т.

Шымкент шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасы ШЖК МКК бөлүмүнүн башчысы Абдыкулова Мариам Кабылбек кызы, 1966-ж.т.

Шымкент шаардык №1 шаардык клиникалык оорукана мамлекеттик ишканасынын улук медайымы Байменова Гаухар Аштаевна, 1970 ж.т.

Шымкент шаарындагы «№1 шаардык оорукана« ШЖК МКК болүмүнүн башчысы Тажденова Акзипа Насыр кызы, 1962 ж. т.», - деп жазылган министрликтин маалыматында.

 

Фото: tengrinews.kz