Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 60 миңге жакындады

Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 60 миңге жакындады

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1646 адам коронавируска чалдыкты. Алардын 957 клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчүлөр.. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Атырау (266), Алматы шаары (231) жана Караганды облустарында (176) катталган. Жалпысынан өлкөдө 59 миң 899 адам коронавируска чалдыккан.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 6688 (+123)

Алматы - 7591 (+231)

Шымкент  - 4067 (+81)

Акмола облусу - 1688 (+35)

Актөбе - 2178 (+63)

Алматы облусу - 3130 (+34)

Атырау  - 7928 (+266)

Чыгыш Казакстан - 3012 (+100)

Жамбыл - 2189 (+71)

Батыш-Казакстан облусу - 3990 (+99)

Караганды  - 6244 (+176)

Костанай - 1605 (+49)

Кызылорда - 1784 (+54)

Маңгыстау - 2049 (+107)

Павлодар  - 1803 (+77)

Түндүк Казакстан облусу - 1723 (+70)

Түркестан  - 2230 (+10).

Кооптуу илдеттен  33 миң 814 адам айыгып чыкты.  375 казакстандык каза болду.

 

Фото: irk.kp.ru


×