Дүйнө COVID-19га каршы: эл аралык уюмдар менен өлкөлөр илдет менен күрөшүүдө Казакстанга колдоо көрсөтүүдө

Дүйнө COVID-19га каршы: эл аралык уюмдар менен өлкөлөр илдет менен күрөшүүдө Казакстанга колдоо көрсөтүүдө

Өлкөдө COVID-19 илдетинин жайылышын болтурбоого багытталган иштер жана келечектеги мерчемдер Саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстандагы расмий өкүлдөрү менен уюштурган онлайн жыйында талкууланды. Казак тарап ДССУнун адистерин аймактардагы медициналык адистерге тажрыйбалык жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүүнү сунуштады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Алексей Цой өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, калкты маалымдоо, бардык деңгээлдеги медициналык жардамдын конкреттүү көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу, медицина кызматкерлерин коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана дарылоонун негизги принциптерин окутуу менен кадрдык резервди түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«Казакстанда COVID-19 диагностикасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн компьютердик томографияны жана санарип рентген аппараттарын колдонууну кеңейтип жатабыз. Мындан тышкары, лабораториялардын тестирлөө мүмкүнчүлүктөрү артууда», – деди Саламаттык сактоо министри.

Мындан тышкары, ооруканаларды жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдуу, инфекциялык жана фармакологиялык орундардын санын 50%га жеткирүү, дистанциондук амбулатордук кеңеш берүүлөр, үйдө жардам көрсөтүү жана тез жардамдын мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Дарыканаларды дары-дармектер менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү. Ушул максатта, агенттик ата мекендик өндүрүүчүлөргө дем берип, дары-дармектерди сатып алууну жана жеткирүүнү тездетүүдөө деп белгиледи министр. Ошондой эле, тараптар вируска каршы  биргелешип кызматташтыкта күрөшүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

«БУУнун жана ДССУнун жетекчилиги алдында COVID-19 менен байланышкан маанилүү товарларды жеткирүү тутуму боюнча жумушчу топ түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилегим келет. Казакстан башка көптөгөн мамлекеттер сыяктуу эле вируска каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирүүнү уюштуруу тутумуна катышууга кызыктар», – деди Алексей Цой.

Бул жараянды координациялоо жана Казакстан Республикасында COVID-19 байланышты жеткирүүнү уюштуруу тутумуна катышуу үчүн казак тараптан тиешелүү талапкерлер аныкталды.

Ошондой эле, Орусия Казакстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу жана ага каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүүдө. Коңшу өлкө KВИны аныктоо үчүн дагы 50 миң тест жөнөтөт. Биринчи партиясы теке айынын 15де жеткирилет. Жалпысынан пандемия башталгандан бери Орусиядан Казакстанга 15000 тест тутуму жөнөтүлгөн.

«Ошондой эле, Казакстанга Орусиянын коммерциялык эмес уюмдарынын тармагы аркылуу да жардам көрсөтүлүп жатат. Теке айында өлкөнүн жарандык тармагынын өкүлдөрү Казакстанга 100 миңден ашык бет кап, 20 миң жуп кол кап, термометр, антисептик ж.б. куралдарын жөнөтөт», - деп маалымдады ОФнын ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова.

Мындан тышкары, Орусия COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Казакстанга 2 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

 

Фото: 24.kz