Дарыканаларды керектүү препараттар менен камсыздоо маселеси тыкыр көзөмөлдөнүүдө

Дарыканаларды керектүү препараттар менен камсыздоо маселеси тыкыр көзөмөлдөнүүдө

Аймактардагы жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү фармкомпаниялардын жана дарыканалардын жетекчилери менен биргеликте дарыканаларды дары-дармек менен камсыз кылуу маселесин карап жатышат. Нур-Султан акимчилиги уюштурган онлайн жыйында COVID-19 менен күрөшүү үчүн керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу, альтернативдүү дары-дармектердин тизмесин кеңейтүү, дары-дармектерди дарыканаларга жайылтуу маселелери талкууланды. Борбор калаанын акими Алтай Кульгинов Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте дары-дармектерди сатып алуу жана импорттоо, логистика маселелерине колдоо көрсөтүлө турганын айтып өттү.

«Дарылардын корун толуктоо үчүн мамлекеттик органдар менен иштеп жатабыз. Биринчиден, сатып алуу жана импорттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Бюрократиялык маселелер чечилди. Биз логистика маселелери боюнча колдоо көрсөтөбүз. Экинчиден, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен тиешелүү органдар ортомчулар жана бааны мыйзамсыз көтөргөндөрдү аныктоо үчүн иш алып барууда. Ошондой эле, альтернативдүү түрдөгү дары-дармектердин аналогдорун сатып алуу керек. Биз бул багытта туруктуу негизде иштей беребиз», – деди калаа акими  Алтай Кульгинов.

Казакстандагы дарыканалардан парацетамолду табуу кыйынга турган. Алматы шаарынын акимчилигинин дары-дармек менен камсыздоо боюнча координатору Зангар Салимбаевдин айтымында, дене табын түшүрө турган дары-дармектин тартыштыгы адаттагыдан тыш көп болгон. Анын айтымында, өткөн аптада алматылыктар 260 миң парацетамол сатып алган. Ал эми орточо айлык норма болжол менен 50 миң топтомду түзөт. Бул маселени чечүү үчүн Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаевдин тапшырмасы менен өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр, дарыкана тармагы жана адистештирилген ассоциация менен меморандумга кол коюлду.

«Кулжа айынын 22нен баштап биз ири жеткирүүчүлөр, ата мекендик өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор, дарыкана тармактары жана фармацевтикалык компаниялар менен жигердүү иштешип жатабыз. Алар келишимге кол коюшту, ага ылайык ири жеткирүүчүлөр жана расмий дистрибьюторлор Алматыдагы 105 дарыканага социалдык мааниси бар дары-дармектердин басымдуу бөлүгүн жеткиришет», - деп түшүндүрдү Заңгар Салимбаев.

Кырдаал Алматы акиминин жеке көзөмөлүндө. Теке айынын 1нен бери шаардын дарыканаларына 475 миң зарыл дары-дармек жеткирилди. Алардын катарына парацетамол, аспирин, ингавирин, азитромицин жана кардиомагнил кирет. Бул айдын аягына чейин мегаполиске үч миллиондон ашык препарат жеткирилет. Алардын катарына парацетамол, аспирин, ибупрофен, ингавирин, азитромицин жана башка социалдык маанилүү дары-дармектер кирет.

«Үч каттам жеткирилет. Эртең учак Орусиядан, теке айынын 12де жана 15де Индиядан келет», - деп кошумчалады Алматы акимчилигинин дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча координатору.

Дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу боюнча кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чаралар өлкөнүн аймактарында жүргүзүлүүдө. Мисалы, Атырауда чоң дарыканалардын тизмеги жергиликтүү шприцтерди чыгаруучу компаниянын жетекчилиги менен келишим түздү. Натыйжада, Атырау шаарынын тургундары өнүмдү өндүрүүчү баа менен сатып ала алышат, деп маалымдайт облустук акимчилик.

 

Фото: atameken.kz