COVID-19: Казакстанда ооругандардын саны 55 миңге жакындады

COVID-19: Казакстанда ооругандардын саны 55 миңге жакындады

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1726 адам коронавирус илдетин жуктурган. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 936 вирус ташып жүрүүчү аныкталды, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Эң көп учур Атырау (+336), Алматы (+217) жана Нур-Султан (+180) шаарларында катталган. Өлкөдөгү COVID-19 бейтаптарынын жалпы саны 54 миң 747 адамды түздү.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 6357 (+180)

Алматы - 6895 (+217)

Шымкент - 3769 (+49)

Акмола облусу - 1581 (+34)

Актөбе - 1988 (+49)

Алматы облусу - 2939 (+108)

Атырау - 7150 (+336)

Чыгыш Казакстан  - 2547 (+121)

Жамбыл  - 1971 (+48)

Батыш Казакстан облусу - 3699 (+99)

Караганды - 5790 (+120)

Костанай - 1435 (+121)

Кызылорда - 1578 (+63)

Маңгыстау - 1794 (+52)

Павлодар - 1616 (+52)

Түндүк Казакстан  - 1532 (+50)

Түркестан - 2106 (+27).

Кооптуу инфекциядан айыгып чыккандардын саны 31 815 адам. Каза тапкандардын саны 264.

 

Фото: i3vestno.ru