ССМ: Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны расмий маалыматтан көп

ССМ: Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны расмий маалыматтан көп

Казакстанда коронавирусту жуктурган адамдардын саны расмий маалыматтагыдан бир топ жогору болушу мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди. Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде министр адамдардын бардыгы ПЧР тестирлөө менен камтылбаганын атап өттү. Учурда бейтаптардын көпчүлүгү үйдө дарыланууда.

«Симптомсуз бейтаптардын көпчүлүгү оорушпайт. Ооба, алар илдетти жайышы мүмкүн. Бирок алар 14 күндөн кийин айыгып кетишет. Мындай адамдардан тест алуунун кандай мааниси бар? Негизги артыкчылык жана каржылоо биринчи кезекте камкордукка муктаж бейтаптарга жумшалышы керек деп эсептейбиз», - деди Алексей Цой.

Казакстанда карантин мөөнөтү узартылышы мүмкүнбү? Саламаттык сактоо министри өлкөнүн бардык жарандарын кызыктырган бул суроого жооп берди. Анын айтымында, маселе дыкат иликтенип жатат. Ошондой эле, ал ар кандай баалоо инкубация мезгилине, тагыраак айтканда, 14 күнгө байланыштуу болушу керектигин белгиледи.

«Азыр биз ортодогу жыйынтыктарды карап жатабыз. Бирок реалдуу эффектти экинчи жумада же болбосо биз баалоо жүргүзгөндөн кийин көрөбүз. Карантин аяктагандан кийин анын узартыла турганы же күчөтүлөшү айкын болот», - деди Алексей Цой.

 

Фото: qazweek.kz