Алматыда коронавируска каршы дарылар чыгарылат

Алматыда коронавируска каршы дарылар чыгарылат

Казакстанда коронавирусту дарылоо үчүн колдонула турган «Фавипиравир» препараты чыгарылат. COVID-19га каршы Жапония жана Кытай сыяктуу бир катар өлкөлөрдө натыйжалуу колдонуудан өткөн жаңы препарат эми Алматы шаарындагы фармацевтикалык заводдо өндүрүлө баштайт. Азыр ата мекендик компания дары-дармекти каттоо жараянында турат. Андан кийин өндүрүүчү «Фавипиравирди» ички рынокко чыгарат. Ал эми күзүндө аталган дарылар республиканын ооруканаларында жеткиликтүү болот. Белгилей кетсек, фармацевтикалык компания буга чейин дагы бир «Азитромицин» препаратын өндүрүүнү колго алган. Акыркы айда бул дарыга суроо-талап 5-6 эсе өстү.

«Жарым жылда фабрика 600 миң таңгак азитромицин өндүрүп, медициналык мекемелерди камсыз кылды. Эми жакынкы үч айда 300 миң таңгак өндүрүүнү пландап жатабыз. Азыр эле аким менен жолугушуу болду. Шаарда туруктуулук фонду түзүлөт. Биз аларга өз өнүмдөрүбүздү жөнөтөбүз. Дарыгерлер менен фармацевттер чогулуп, жакын арада бул маселени чечебиз деп ойлойм», - деди фармацевтикалык фабриканын башкы аткаруучу мүдүрү Светлана Киль.

 

Фото: almaty.tv