Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 53 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 53 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1962 адам коронавируска чалдыкты. Алардын ичинен 1209 адам клиникалык белгилери жок вирус алып жүрүүчү катары катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейтаптардын көпчүлүгү Атырау (658), Алматы (177) жана Нур-Султан (120) шаарларына тиешелүү. Республика боюнча коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 53 миң 21 адамды түздү.

Аймактар боюнча абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан  - 6177 (+120)

Алматы - 6678 (+177)

Шымкент  - 3720 (+61)

Акмола облусу - 1547 (+35)

Актөбе - 1939 (+89)

Алматы облусу - 2831 (+81)

Атырау  - 6814 (+658)

Чыгыш Казакстан облусу - 2426 (+113)

Жамбыл - 1923 (+57)

Батыш Казакстан  - 3600 (+91)

Караганды - 5670 (+150)

Костанай - 1314 (+111)

Кызылорда - 1515 (+28)

Маңгыстау - 1742 (+70)

Павлодар - 1564 (+57)

Түндүк Казакстан облусу - 1482 (+36)

Түркестан - 2079 (+28).

Өткөн суткада 988 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип айыккандардын саны 35 миң 137 адамга жетти.

 

Фото: kapital.kz