Аймактарда медициналык каражаттар жана адис тартыштыгы кандай чечилип жатат?

Аймактарда медициналык каражаттар жана адис тартыштыгы кандай чечилип жатат?

Аймактардагы кырдаал көзөмөлдө. Региондордо кесепеттүү оорулардын саны кескин көбөйгөндөн кийин кошумча керебеттер түзүлүүдө, жаңы тез жардам унаалары жана медициналык шаймандар сатылып алынууда. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматынын аймактык бөлүмдөрүндөгү онлайн-брифингде айтылды. Жамбыл облусунун акими Бердыбек Сапарбаев медициналык жабдыктардын жетишсиздигин жашырган жок. Мисалы, аймакта иштеп жаткан 10 компьютердик томография жетишсиз. Учурда бул аппараттарды ар бир районго орнотуу иштери жүрүп жатат. Аймактын башчысы ошондой эле эгер эпидемия токтобосо, дагы бир жарым миң керебет керек болот деди.

«Айрым балдар үйлөрү, диагностикалык борборлор жана кургак учук боюнча ооруканалар бошотулуп, оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал толук баш оона айында ишке киргизилет. Аймакта 148 жасалма респиратор бар. Бейтаптар көп, аппарат тартыш. Биз коңшу Орусия жана Өзбекстан менен иштеп жатабыз. Жакында биз бери дегенде 50дөй шайманды алабыз», - деди Бердибек Сапарбаев.

Аймакта дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу үчүн пенсия учурундагы, атайын мектептерде окуган, практикада жүргөн студенттерди, бейтаптар саны аз райондордогу медициналык кызматкерлер жана башка адистик дарыгерлерди даярдап жатабыз  - дейт облус акими.

Онлайн байланышка чыккан Акмола облусунун акими Эрмек Маржыкбаев кийинки айга чейин 5000 стационардык керебет даярдаларын билдирди. Анын айтымында, аймакта кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттар менен компьютердик томография сатылып алынат. Учурда тиешелүү келишимге кол коюлду.

«Бүгүнкү күндө биз дагы 71 аппарат сатып алышыбыз керек. 17 көчмө шайман сатып алуу боюнча келишимге кол койдук. Учурда компьютердик томография 6 медициналык уюмда колдонулуп жатат. Бул аппарат бейтаптын абалын аныктоодо маанилүү. Ошондуктан биз дагы ушундай шайман сатып алуу үстүндө иш алып баруудабыз», - деди Ермек Маржыкбаев.

Түндүк Казакстан облусундагы кырдаал башка региондор менен окшош, башкача айтканда жасалма дем алдыруучу апараттар жетишсиз. Айдын аягына чейин дагы 20 даанасын сатып алуу пландалууда. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги аяк оона айында 38 аппарат сатып алуу маселесин карап жатат, алар бештин айында жеткирилиши керек.

«Ушул келишимдин аркасында өткөн жумада биз 25 көчмө тез жардам унаасын алдык. Ошондой эле быйыл реанимациялык жабдуулар менен толук жабдылган 18 тез жардам унаасын ижарага алышыбыз керек», - деди облус акими.

Алматы обулусунда тез жардам транспортторуна өпкөнү жасалма дем алдырууга арналган 57 аппарат орнотуу көздөлгөн.

«Алматы облусунун тез жардам кызматы күнүнө 3000 чалууну камсыз кылат. Бул оорчулук келтирип жатат. Ошондуктан облустун акими бригадалардын санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Жылдын аягына чейин дагы 100 тез жардам унаасы жеткирилет деп күтүлүүдө. Алардын 70и ижарага алынып, 30 унаа жергиликтүү бюджеттен сатып алынды. Жеткирүү кийинки айда башталат», - деди Алматы облусу акиминин орун басары Батыржан Байжуманов.

 

Фото: zakon.kz