COVID-19: пандемиянын эң күчөгөн учуру алдыда

COVID-19: пандемиянын эң күчөгөн учуру алдыда

Коронавирус инфекциясы дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемиянын келечеги жөнүндө жагымсыз болжолу менен бөлүштү. Ага ылайык, тилекке каршы пандемия өз чегине жете элек. Адистердин айтымында, эпидемия күч алууда. Муну статистика тастыктап турат. Акыркы күндөрү эле дүйнө жүзү боюнча 400 миңден ашуун коронавирус инфекциясы катталган. ДССУ кооптуу оорунун келип чыгышын аныктоо үчүн адистердин тобун Кытайга жөнөттү. Уюмдун серепчилери  вирустун аба аркылуу тарай тургандыгын моюнга алууга мажбур болушкан. Мурда инфекция жөтөлгөндө же чүчкүргөндө чоң тамчылар аркылуу жугат деп ойлошкон. Ал эми азыркы учурда адистер жүздөгөн илимпоздор жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, вирус абада туруп калган же жабык имараттарда калган майда бөлүкчөлөр аркылуу жайылышы мүмкүн экенин кабарлады.

ДССУ эпидемиянын сыпаттамасы менен алек болуп жатканда, АКШ Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан чыкканын расмий жарыялады. Эске салсак, АКШнын Президенти жакында уюмдун ишин сынга алып, Америка Кошмо Штаттары уюмдун курамынан биротоло чыгаарын жарыялаган. Белгилей кетсек, АКШ эң ири донор болуп саналат жана бул уюмдун бюджетинин 15% ушул өлкөнүн эсебинен каржыланат. Трамп Кытайда таралган эпидемия жөнүндө өз убагында так маалымат бербегендигин негизги жүйө катары келтирүүдө. Америкалык лидердин айтымында, уюм өтө жай иш алып барып, Пекиндин кысымына туруштук бере алган эмес.

Ушул күндөрү дүйнө жүзүндө 11 миллион 800 миңге жакын адам кооптуу илдет менен ооруп жатат. Америка Кошмо Штаттары инфекция статистикасы боюнча алдыңкы орунда. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 2 996 098 адам КВИ жуктуруп алган. Экинчи орунда - Бразилия. 1 миллион 668 миңден ашык адам коронавируска чалдыккан. Алардын арасында президент Жайир Болсонару да бар. Бүгүн Мамлекет башчысы тапшырган тест оң натыйжа көрсөткөн. Президент өзүн жакшы сезип жатканы менен дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүүдө.

Үчүнчү орунда – Индия. Түштүк Азиядагы ысык өлкө коронавирус менен болушунча күрөшүп жатат. Кулжа айынын аягында обочолонуу режиминин экинчи этабы жарыяланган. Бийлик карантинди бейтаптардын саны өсүп жаткан аймактарда гана калтырууну жөн көргөн. Бирок күн сайын өлкөдө он миңдеген жаңы учурлар катталып жатат. Пандемия башталгандан бери Индияда 742 миңден ашуун адам илдетке чалдыкты. 20 миңден ашуун адам каза тапкан.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус боюнча антирейтингди мындан ары Орусия, Перу, Чили, Улуу Британия, Мексика, Испания жана Иран мамлекеттери улантышат.

 

Фото: rbc.ru