Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 51 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 51 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1376 адам коронавирус илдетин жуктурган. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 847 ташуучу катталган. Аймактар боюнча инфекция жуккан адамдардын эң көп саны Атырау (264), Караганды (184) жана Алматы (143) облустарында аныкталды. Жалпысынан өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 51 миң 59 кишиге жетти.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан  - 6057 (+73)

Алматы - 6501 (+143)

Шымкент - 3659 (+65)

Акмола облусу - 1512 (+28)

Актөбе - 1850 (+22)

Алматы облусу - 2750 (+59)

Атырау  - 6156 (+264)

Чыгыш Казакстан облусу - 2313 (+135)

Жамбыл  - 1866 (+77)

Батыш Казакстан  - 3509 (+86)

Караганды - 5520 (+184)

Костанай - 1203 (+42)

Кызылорда - 1487 (+31)

Маңгыстау - 1672 (+82)

Павлодар  - 1507 (+47)

Түндүк Казакстан облусу - 1446 (+28)

Түркестан - 2051 (+10).

Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде 630 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип, дарыгерлердин жардамы менен сакайгандардын саны 16928 адам  болду.

 

Фото: lada.kz