Казакстанда медициналык мекемелерди онлайн-көзөмөлдөө тутуму киргизилди

Казакстанда медициналык мекемелерди онлайн-көзөмөлдөө тутуму киргизилди

Медициналык уюмдарды көзөмөлдөөнүн жаңы форматы пандемияга каршы жалпы чараларды координациялоого жардам берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой бүгүн бейтапканаларга онлайн режимде мониторинг жүргүзүү боюнча атайын брифингде билдирди.

«Кечээ гана Атыраудагы ооруканаларга онлайн режимде мониторинг жүргүзүлдү. Демек, эми Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери каалаган аймактын медициналык уюму менен байланышып, уюмдун ишин онлайн режимде көзөмөлдөй алат. Министрликтин кызматкерлери кайсы кеңсеге кирүү керектигин да айтып турушат. Кечээ гана биз ушундай тартип менен бир нече бейтаптар менен сүйлөштүк. Башкача айтканда, иштин мындай форматы бир нече оорукананын ишин кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүндүк берди», - деди Алексей Цой.

Ошондой эле, министр дарыканаларда эл ичинде чоң суроо-талапка ээ препарат түрлөрүнүн жетишсиздиги көйгөйү чечилип жатканын билдирди. Анын айтымында, дары-дармектерди өлкөгө ташып келүү тартиби тездетилди. Бардык тийиштүү жоболорго кол коюлду.

 

«Бүгүнкү күндө дары-дармектер жеңилдетилген тартип менен кампалардан соода компанияларга жеткирилип жатат. Алдыдагы убакытта бул дары-дармектер дарыканаларга жеткирилет. Башкача айтканда, биз буга чейинки тоскоолдукту жеңдик. Кыска убакыттын ичинде керектүү дары-дармектер рынокко чыга баштайт», - деди министр.

Мындан тышкары, министр Казакстандын бардык аймактарында дары-дармектердин баасына көзөмөл күчөтүлгөнүн маалымдады.

«Дары-дармектердин кымбат баада сатылып жатканына кайдыгер карабай, социалдык тармактарда катталган фактылар менен бөлүшүп жаткан жарандар бар. Алар дарыны алып саткан адамдардын иш-аракеттерине нааразычылык билдирип жатышат. Коомдо мындай мыйзамсыз сооданы ооздуктоого мезгил келди деп ойлойм. Калктын ден-соолугунан ушундай жол менен пайда көрүп жаткан адамдар жазаланат», - деди Алексей Цой.

 

Фото: inbusiness.kz