Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 50 миңге жакындады

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 50 миңге жакындады

Казакстанда өткөн суткада 1109 адам коронавирус илдети менен ооруганы белгилүү болду. Анын ичинде клиникалык белгилери жок 649 вирус алып жүрүүчү аныкталганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Алматы шаарында (+157), Батыш Казакстан облусунда  (+128) жана Атырау облусунда (+101) катталган. Республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны – 49 683 адам.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 5984 (+95)

Алматы - 6358 (+157)

Шымкент  - 3594 (+39)

Акмола облусу - 1484 (+32)

Актөбе - 1828 (+86)

Алматы облусу  - 2691 (+51)

Атырау - 5892 (+101)

Чыгыш Казакстан облусу - 2178 (+62)

Жамбыл - 1789 (+59)

Батыш Казакстан - 3423 (+128)

Караганды - 5336 (+93)

Костанай - 1161 (+63)

Кызылорда - 1456 (+7)

Маңгыстау - 1590 (+13)

Павлодар облусу - 1460 (+52)

Түндүк Казакстан облусу - 1418 (+19)

Түркестан - 2041 (+52).

Кооптуу илдеттен айыгып чыккандардын саны 16 183кө жетти.

Кулжа айы менен теке айынын 6сы аралыгында Казакстанда коронавирус илдетинен 76 адам көз жумду. Баш-аягы илдеттен 264 адам каза тапты.

 

Фото: informburo.kz