Казакстанда ПЧР-тестирлөө менен дары-дармектердин баасына кандай көзөмөл жүргүзүлүүдө?

Казакстанда ПЧР-тестирлөө менен дары-дармектердин баасына кандай көзөмөл жүргүзүлүүдө?

Өлкөдө коронавирусту аныктоо максатында акысыз ПЧР-тест жүргүзүүгө 14 миллиард теңге каржы бөлүндү.

«Белгилүү бир сумма, тариф медициналык уюмдарга багытталат. Ооруканалар, стационарлар лабораториялар менен келишим түзөт. Бул тесттер ай сайын чыгарылып турат. Учурда 14 миллиард теңге бөлүндү жана керектөөгө карата камсыздандыруу фонду бул каражатты жаңылап турат», - деп маалымдады РКнын Саламаттык сактоо министри.

Казакстанда медициналык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тиричиликти камсыздоочу мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын жумушчулары акысыз ПЧР-тесттен өтө алат.

Аны менен катар, өлкөнүн бардык аймактарында дары-дармекти кымбаттатып сатып жаткандарды аныктоо боюнча рейддер уюштурулду. Алгачкы күнү эле полиция 20дан ашык адамды колго түшүргөн.

«Рейд чаралары өткөрүлгөн алгачкы күнү полиция бөлүмүнө 21 адам жеткирилди, алардан 3500 таңгак дары конфискацияланды. Анын ичинде  «Ацетилсалицил кычкылтеги» — 2100 таңгак, «Парацетамол» — 589 таңгак, «Цефтриаксон» — 230 ампула жана башка да препараттар бар», — деп айтылат РКнын ИИМнин маалыматында.

Ошондой эле, текшерүү жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке коргонуу каражаттарын, термометр жана антисептиктерди аныктаган. Ортомчулар дары-дармектерди расмий баасынан 5-20 эсе кымбаттатып саткан.

«Көп өлчөмдөгү дары-дармек сатып алган адамдар аныкталды. Ошентип, алар дарылардын жетишсиздигин жаратып,  бир нече эсе кымбат баага сатышкан. Дары-дармектерди жогору баада сатуу учурлары өлкөнүн бардык аймактарында аныкталды. Сатуучулар препараттарды аткезчилик жол менен сатышкан жана фискалдык дүмүрчөктөрүн да беришкен эмес. Сатып алуучуларда кымбат баада дары-дармектерди  сатып алгандан башка арга болгон эмес», - деп айтылат маалыматта.

Мындай учурлар Нур-Султан, Шымкент, Алматы шаарларында, Акмола, Актөбе, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Батыш Казакстан облустарында аныкталган.

Эске салсак, Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө жана укук коргоо органдарына дарыканалардагы дары-дармек баасынын өсүү маселесин жөнгө салууну, айыпкерлерди жоопко тартууну тапшырган.

 

Фото: vlast.kz