Акылуу тез жардам кызматынын наркы канча?

Акылуу тез жардам кызматынын наркы канча?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Ажар Гиният брифинг учурунда мобилдик бригадалардын акы төлөнүүчү кызматтарынын өлчөмүн атады.

«Клиникаларда жана тез жардам кызматтарында мобилдүү бригадалар түзүлөт. Алар буга чейин өз ишин башташкан. Тариф иштелип чыкты. Баасы 5400 тенге»,- деди Ажар Гиният.

Министрдин орун басарынын айтымында, эгерде КВИ же КРВИ оорусу бар адамдар тез жардам чакырса, мобилдүү топтор дарыгерлер менен барып, ошол жерден тест алышат.

«Бул бригада бир адамга эки-үч ирет келбейт. Тест бир гана жолу алынып, КВИ бар-жогу аныкталып, аймактык дарыгерге маалымдалат», - деди ал.

Аны менен катар, Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам кызматкерлерине түшүнүү менен кароого чакырды.

«Тез жардам медициналык кызматкерлери чалуулар учурунда терс эмоционалдык учурга көп кездешет. Алар өтө жогорку физикалык жана психикалык шарттарда иштешет. Чакыруу кызматынын деңгээли биринчи кезекте бейтаптын абалынын оордугуна байланыштуу аныкталат. Андыктан медициналык кызматкерлерге таарынбай, өз кезегиңизди күткөнүңүз жакшы», - дейт вице-министр.

Вице-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө тез жардам чакырууларынын саны эки эсеге көбөйдү. Буга чейин тез жардам кызматына күнүнө 15 миң чалуу келип түшкөн болсо, бүгүнкү күндө ал 30 миңге жетти.

 

Фото: almaty.tv