COVID-19 188 өлкөгө тарады: илдеттен кайсы өлкө эң көп жапа чегүүдө?

COVID-19 188 өлкөгө тарады: илдеттен кайсы өлкө эң көп жапа чегүүдө?

Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 11 миллионго жакындады. Бүгүнкү күндө кара тизмеде АКШ дале болсо рейтингдин сап башында.

Акыркы сутка ичинде бул жерде 53 миңден ашык адамдан COVID-19 аныкталган. Айрыкча инфекциянын таралуусу Техас, Флорида жана Калифорнияда күчөп жатат. Буга байланыштуу губернаторлор карантин чараларын күчөтүүдө.

Ошол эле учурда адистердин айтымында, илдетке чалдыккандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Буга албетте эртеңки улуттук майрам - Эгемендик күнү себеп болушу ыктымал.

Буга чейин Америка Кошмо Штаттарынын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи вирусту ооздуктоонун алдын ала дарысы табылбаса Америкадагы эпидемия катастрофалык деңгээлге жетиши мүмкүн деп эскерткен.

«Биз башка өлкөлөргө салыштырмалуу инфекция жуктуруу көрсөткүчү жана курмандыктардын саны боюнча эң көп жапа чегип жатабыз. Биз азыр илдеттен пайда болгон  маселелер менен бетме-бет келип олтурабыз. Өкмөт өз кезегинде өлкөнү салыштырмалуу кадимки жашоо мүнөзүнө кайтарууга аракет кылып жатат. Иштин жарым-жартылай ачылышы айрым штаттарда оорунун кескин жогорулашына алып келди», - деди Фаучи ВВСге берген маегинде.

https://www.bbc.com/

Пандемия башталгандан бери АКШдагы Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 2,7 миллиондон ашык коронавирус учуру аныкталып, оорудан 128 миң 740 бейтап көз жумган.

Коронавирус аныкталган 188 мамлекеттин ичинен Бразилия экинчи орунда. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга карабастан өлкө жетекчилиги экономиканы калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүп жатат. Анткен менен көптөгөн серепчилер президент Жаир Болсонару чыгарган чечимдерди сынга алышты. Алардын айтымында, биринчи кадам экономиканы эске албаганда, эпидемиянын өлкөдө жайылышын көзөмөлдөө болчу.

Айта кетсек, өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын саны 1,5 миллионго жакындап калды.  61 884 бейтап вирустун курмандыгы болду.  

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирус өзгөчө чыр-чатактуу аймакта курч мүнөздө. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жакынкы Чыгыш коронавируска каршы күрөшүүдө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жоготконун айткан. ДССУ серепчилеринин айтымында, Сирия жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдө дарыгерлер оорунун жайылышын көзөмөлдөй албай жатат.

Буга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйнөдөгү жаңжалдын бардык тараптарын COVID-19дун андан ары жайылышына жол бербөө үчүн үч айлык ок​атууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.

 

Фото: dw.com