Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 44 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 44 миңден ашты

Республикада өткөн суткада 1501 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде 1005 адам клиникалык белгилери жок вирус алып жүрүүчүлөр болсо,  496 бейтапта оору белгилери бар. Жалпысынан өлкө боюнча ооругандардын саны – 44 075.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 5642 (+119)

Алматы - 5902 (+206)

Шымкент  - 3294 (+100)

Акмола облусу - 1344 (+46)

Актөбе  - 1633 (+59)

Алматы облусу  - 2330 (+123)

Атырау  - 4747 (+327)

Чыгыш Казакстан облусу - 1719 (+91)

Жамбыл - 1533 (+65)

Батыш Казакстан  - 935 (+50)

Караганды  - 5013 (+77)

Костанай - 993 (+48)

Кызылорда - 1342 (+25)

Маңгыстау - 1295 (+78)

Павлодар  - 1235 (+37)

Түндүк Казакстан облусу - 1344 (+21)

Түркестан  - 1774 (+29).

Ушул күнгө чейин 14 777 казакстандык айыгып чыкты.

 

Фото: financebg.com