Казакстанда дарыгер кеңешин онлайн алуу үчүн эмне кылуу керек?

Казакстанда дарыгер кеңешин онлайн алуу үчүн эмне кылуу керек?

Казакстандыктар үйдөн чыкпай туруп, квалификациялуу адистин кеңешин ала алышат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен өлкөдө телемедицина кызматы ишке кошулду.

Платформа бейтап менен дарыгерге чат, аудио, видео жана файл алмашуу аркылуу байланышууга мүмкүндүк берет. Кеңеш бейтап катталган медициналык мекеменин дарыгерлери тарабынан берилет. Бул кызмат электрондук өкмөттүн сайтында жеткиликтүү. Жарандарды кабыл алуу кезек менен жүргүзүлөт, терапевттен тышкары жарандарга гинеколог, кардиолог, эндокринолог жана башка тар профилдеги адистер да кызмат көрсөтөт.

Онлайн-консультация алуу үчүн бейтап:

IDoctor.kz сайтындагы онлайн консультация бөлүмүнө өтүү кажет;

Акысыз консультация бөлүмүн тандайт;

Сиз Казакстан Республикасынын жараны экендигиңизди жана онлайн режиминде акысыз консультация ала алганыңызды тастыктоо үчүн ЖСН, телефон номурду жана электрондук почтаны жазуу керек;

тизмеден керектүү дарыгерди тандайт;

Кабыл алууга жазылганын ырастайт жана кезекте турат;

Дарыгер даяр болгондо пайдалануучуга  SMS-билдирүү жана электрондук почтасына кат келет, андан кийин онлайн-консультацияга шилтеме жазылат.

Дарыгер менен кеңешкенден кийин аны баалоо жана адис жөнүндө пикир калтыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Эгерде адам кепилденген акысыз медициналык жардамдын тизмеси боюнча медициналык мекемеде каттоону каалабаса же Казакстан Республикасынын жараны болбосо, ал акы төлөнүүчү консультация ала алат.

Пилоттук долбоор Алматы, Нур-Султан жана Шымкенттеги үч медициналык мекеменин базасында ишке кошулган. Тестирлөөдөн кийин башка шаарлар да кошулат.

Тургундарга аралыктан кеңеш берүү кызматы Атырау облусунда да иштей баштады, ал жерде атайын чалуу борбору бар. Квалификациялуу дарыгерлер жеңил-желпи коронавирустук жана вирустук инфекцияларга чалдыккан бейтаптарга үйдө дарылоо боюнча кеңеш беришет. Үйдүн тургундары 103, 109 жана 112 номерине чалып, үйдө кандай мамиле жасоо, обочолонуу тартиби, канча жолу жана кандай дары-дармектерди алуу керектиги жөнүндө кеңири маалымат алышат. Операторлор дарыгерлер менен автоматтык түрдө байланыштырып турушат.

«Учурда колл-центрге 28 жалпы  тажрыйбалык дарыгер тартылды. Алар коронавирустук инфекцияны, КРВИ жана пневмонияны дарылоо алгоритмине ылайык консультациялык жардам көрсөтүшөт. Дарыгерлердин жардамы менен тургундар үйдө кандай дарылоо керектигин билишет. Бул тез жардам кызматын жеңилдетүүгө салымын кошот», - дейт Атырау облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Нурлыбек Кабдыкапаров.

 

Фото: expertonline.kz