Парацетамол дарыканаларда бар: жакынкы күндөрү суроо-талапка ээ дары-дармектер сатыкка чыгарылат

Парацетамол дарыканаларда бар: жакынкы күндөрү суроо-талапка ээ дары-дармектер сатыкка чыгарылат

Өлкөдөгү суроо-талапка ээ дары-дармек түрлөрү дарыканаларга качан жеткирилет? Бул суроого Саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Бюрабекова жооп берди. Айрым дарыларды калк массалык түрдө сатып алууда. Негизинен температураны түшүрө турган парацетамол дарысы. Азыркы учурда аталган дары-дармек Караганды, Алматы жана Нур-Султандын дарыканаларында жеткиликтүү. Ал жакынкы эки-үч күндүн ичинде аймактарга таратылат. Ошондой эле, Вице-министр дарыканаларда вируска каршы препараттар да жетишсиз экенин белгиледи. Бул дары-дармектер да жакында аймактарга жеткирилет.

«Бүгүнкү күндө Ингавирин препаратынын 70 миң таңгагы сатылып алынды. Ал ушул жумада Казакстанга жеткирилет. Мындан тышкары, Тамифлю препаратынын 49 миң таңгагын сатып алдык. Ал да жуманын аягына чейин дарыканаларга келип түшөт», - деди Вице-министр.

Людмила Бюрабекова жарандарды коронавирустун белгилери аныкталган учурда, дарыгердин көрсөтмөсү жок өз алдынча  дарыланбоого чакырды. Ал вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн бактерияга каршы дарылар колдонулбай турганын эскертти.

«Бекитилген дарылоо протоколуна ылайык, бактерияга каршы дары-дармектер ооруканага жаткырылган бейтаптарга гана берилет. Башкача айтканда, ал бактериялык инфекция аныкталып, пневмония байкалганда гана колдонулат», - деди Людмила Бюрабекова.

Мындан сырткары, Вице-министр дары-дармекти белгиленген баадан ашык саткан адамдар жазага тартылаарын, административдик айып пул салынаарын эскертти.

«Саламаттык сактоо вице-министринде бааларды көзөмөлдөө укугу бар. Чекене бааны максималдуу белгилөөдө бизде белгилүү бир талап бар. Ошондуктан дарыканаларда сатылып жаткан дарылар катуу көзөмөлгө алынат», - деди Вице-министр.

 

Фото: rg.ru