Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 41 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 41 миңден ашты

Казакстанда мындан ары коронавирус жуктургандар менен симптомсуз бейтаптар деп бөлүнбөйт. Өткөн суткада 1604 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Батыш Казакстан облусунда (+149), Алматы калаасында (+113) жана Нур-Сутан шаарында (+110) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 41 055ке жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 5442 (+110)

Алматы - 5501 (+113)

Шымкент - 3151 (+69)

Акмола облусу - 1246 (+92)

Актөбе - 1511 (+37)

Алматы облусу - 2096 (+98)

Атырау - 4133 (+229)

Чыгыш Казакстан облусу - 1517 (+98)

Жамбыл - 1423 (+48)

Батыш Казакстан  - 2773 (+149)

Караганды - 4829 (+191)

Костанай - 934 (+32)

Кызылорда - 1212 (+45)

Маңгыстау - 1134 (+71)

Павлодар - 1139 (+89)

Түндүк Казакстан облусу - 1295 (+81)

Түркестан - 1719 (+52).

550 бейтап коронавирустан айыкты, натыйжада кооптуу инфекциядан аман-эсен сакайып чыккандардын катары 13 558ге жетти.

 

Фото: coronavirus2020.kz


×