Саламаттык сактоо министри Казакстанда 4 жумалык катуу карантин киргизүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри Казакстанда 4 жумалык катуу карантин киргизүүнү сунуштады

Казакстанда бир айлык катуу карантин киргизүү керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, карантин киргизилбесе баш оона айынын аягына чейин өлкөдө 27 миң адам вирус жуктуруп, ооруканага жаткырылат. Эгерде эки жумага карантин киргизилсе баш оона айынын аягына чейин күнүнө 8 миң учур катталат. Бир айлык өзгөчө кырдаал киргизилген учурда баш оона айынын аягында күнүнө 2,5 миң  адам ооруканага түшүшү ыктымал.

«Акыркы айларда медициналык уюмдар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Медицина кызматкерлери вирус жуккан адамдарды дарылашат жана алар менен байланышып турушат. Мына ошондуктан алар ооруп жатышат. Бул кадрлардын жетишсиздигин кыйындатат. Бирок ресурстар жетиштүү. Биз аны да жеңип жатабыз. Өкмөттүн жаңы чаралары кырдаалды турукташтырат», - деди министр.

Учурда абал  инфекциянын үйдө таралуу деңгээлине жетти. Вирус өлкө боюнча жайылып жатат. Ар бир үй-бүлө ушундай кыйынчылыкка туш болууда. Аны ооздуктоо үчүн катуу карантин киргизүү боюнча акыркы чечим жакында кабыл алынарын Алексей Цой кошумчалады.

Ошондой эле, мекеме башчысы COVID-19 клиникалык оорунун белгилери бар, бирок ПЧР натыйжалары перспективдүү пневмония менен ооруган адамдардын саны көбөйгөндүгүн көрсөттү. Анын айтымында, учурда ата мекендик илимпоздор вакцинаны колдонуу үчүн вирусту ар тараптуу изилдеп жатышат. Жыйынтыгы теке айынын 3дө жарыяланат.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, Казакстан жакында 1,2 миллион ПЧР тестин сатып алат. Ата мекендик өндүрүүчүлөр дене табын түшүрө турган дары-дармектердин ири партиясын жеткиришти.

«Ингавирин жана Тамифлюнун жетиштүү кору камсыздалды. Келечекте алар кампаларга жеткирилип, аймактарга таркатылат. Дарылоо протоколуна ылайык, мындай дары-дармектер амбулатордукк деңгээлде Ковидди дарылоодо колдонулбай тургандыгын белгилегим келет», - деди Алексей Цой.

Казакстанда коронавирустук инфекциядан каза болгон адамдардын сөөгүн коюу эрежелери да өзгөртүлдү. Мындан ары кооптуу оорудан улам каза болгон адамды санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык ар кандай көрүстөнгө коюу мүмкүн.

Фото: zakon.kz