Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны – 21 819

Казакстанда COVID-19га чалдыккандардын саны – 21 819

Соңку 24 сааттын ичинде өлкөдө 10 адам коронавирустан көз жумду. Жалпысынан Казакстанда өткөн суткада 492 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 2,3% түздү. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Алматы (+59) жана Нур-Султанда (+57) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 21 819 адамга жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 3845 (+57)

Алматы - 3775 (+59)

Караганды  - 2268 (+49)

Шымкент  - 1647 (+38)

Атырау - 1640 (+23)

Батыш Казакстан - 1462 (+31)

Актөбе - 862 (+34)

Түркестан - 846 (+14)

Чыгыш Казакстан облусу - 793 (+51)

Павлодар - 740 (+31)

Алматы облусу - 720 (+19)

Жамбыл - 693 (+10)

Кызылорда - 664 (+11)

Костанай  - 498 (+27)

Маңгыстау - 484 (+6)

Акмола облусу - 482 (+10)

Түндүк Казакстан облусу - 400 (+22).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 1003 вирус алып жүрүүчү катталды. Караганды (+141) жана Атырау (+111) облустарында өсүш байкалууда. Буга чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 17 642 адамдан аныкталган.

13 008 казакстандык айыгып чыкса, 188 бейтап көз жумду.

Айта кетсек, өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус илдетинин таралуусуна каршы чараларды кабыл алуу боюнча кеңешме өткөргөн. Анда Мамлекет башчысы белгилегендей,  өзгөчө кырдаал режими токтотулгандан кийин өлкөдө илдет кайрадан күчөп кетти. Быйылкы бугу айынын 11де чектөөлөр жоюлгандан кийин вирустун таралышы 7 эсеге чейин өсүп кеткен. Азыркы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо үчүн Мамлекет башчысы чукул чараларды кабыл алуу максатында Мамлекеттик комиссияга эки күндүн ичинде быйылкы жалган куран-бугу айларындагыдай катуу карантин режимин киргизүү маселеси боюнча сунуш иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz