Дүйнөдө COVID-19 илдетинен каза тапкандардын саны 500 миңден ашты

Дүйнөдө COVID-19 илдетинен каза тапкандардын саны 500 миңден ашты

Коронавирустун адамдын организмина таралууга мүмкүндүк берген сезгич козгогучтары болот. Муну АКШдагы Калифорния университетинин окумуштуулары аныкташты. Адистердин айтымында, вирустун бул зыяндуу козгогучтары клетка кабыкчасын тешип, оорунун жайылышына алып келет. Буга байланыштуу илимпоздор ракты дарылоодо колдонула турган дары-дармектерди коронавирусту дарылоодо да колдонсо болот деген божомол жасап жатышат.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк пандемия дале болсо өлкөлөрдүн үрөйүн учуруп жатат. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 502 миң чамасында. Адамдардын өлүмү АКШда, Бразилияда жана Улуу Британияда эң жогору. АКШда 125,800дөн, Бразилияда 57,600дөн жана Улуу Британияда 43,600дөн ашуун адам каза тапты.

Бүгүнкү күнгө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 10 миллион 147 миңге жетти. Жуктуруу учурларынын сап башында АКШ турат. Андан кийин Бразилия, Орусия жана Индия. Эпидемиядан айыгып кеткен адамдардын саны 5 миллион 140 миңден ашты.

Бүгүнкү күндө АКШ илдеттин очогу боюнча калууда. Өлкөдө күнүнө 40 миң адамдан инфекция аныкталып жатат. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда 2,5 миллиондон ашык адам илдетке чалдыккан. Акыркы күндөрү 36 штатта бейтаптардын саны кескин өстү. Эпидемиологиялык кырдаал өлкөнүн түштүгүндө жана батышында өзгөчө оор. Флоридада күнүнө 9000ге жакын адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Айрым адистер бул штат эпидемиянын жаңы булагы болушу мүмкүндүгүн эскертишүүдө. АКШнын башкы эпидемиологунун айтымында, карантин режимин жеңилдетүү оорунун көбөйүшүнө алып келди. Ал эми Флорида штатыные гүбернатору Рональд Десантис илдеттин кайрадан өрчүшүнө башка себеп бар экендигин билдирүүдө.

«Менин оюмча, бейтаптардын санынын көбөйүшү карантин талаптарын жөнөкөйлөштүрүүгө байланыштуу гана эмес. Буга жалаң эле ишканалардын жана бизнес обьектилеринин ачылышы себеп болгон жок. Учурда бул илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү 18-44 жаштагылар. Башкача айтканда, эпидемия жаштар арасында тез жайылып жатат. Андыктан эл көп чогулган коомдук жайларга барбаган жакшы», - дейт ал.

Коңшу Орусия Федерациясында коронавирус пандемиясынын башталышынан бери 20 миллионго жакын тест жүргүзүлдү. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана Адамдын ал-абалын көзөмөлдөө федералдык кызматы билдирди. Азыр өлкөнүн бир нече шаарларында аталган ооруга каршы антителолорду аныктаган тест өткөрүлүп жатат.

«Бул аймакта жамааттык иммунитеттин канчалык калыптанып жатканын аныктоо үчүн  колго алынган чара», - дешет адистер. Башкача айтканда, тесттин бул түрү адамдын ден-соолугунун абалын аныктабайт. Бул адамдын организминдеги ооруга каршы иммунитеттин калыптанышын гана билдирет.

Белгилей кетсек, учурда Россияда 300 миңден ашуун адам медициналык көзөмөл астында дарыланып жатышат. Акыркы сутка ичинде өлкөдө бейтаптардын саны дагы 7000ге көбөйдү. Жалпысынан, 633 миңден ашык адам бул илдетке чалдыккан. 9000ден ашык адам вирустун курмандыгы болушкан.

Белгилей кетсек, учурда Орусияда 300 миңден ашуун адам медициналык көзөмөл астында дарыланып жатышат. Акыркы сутка ичинде өлкөдө бейтаптардын саны дагы 7000ге көбөйдү. Жалпысынан, 633 миңден ашык адам бул илдетке чалдыккан. 9000ден ашык адам вирустун курмандыгы болушкан.

Туризм индустриясы пандемиядан кантип калыбына келет?

Туризм индустриясы экономикалык өсүштүн маанилүү локомотивдеринин бири экендигин баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө вирус Египеттин туризм тармагына дагы таасирин тийгизди. Коронавирустун таасиринен ай сайын мамлекеттин казынасына туризмден түшө турган миллиарддаган доллардан кол жууп олтурат. Серепчилер эгер эпидемия күзгө чейин созула турган болсо, анда жалпы элдик каатчылык пайда болот деген коркунучтуу божомолдорду айтышты. Ошондуктан вирусту жуктуруп алгандардын саны бир аз азайганда, Египеттин лидери мейманканаларды жана пляждарды ачууга уруксат берди. Буга байланыштуу, теке айынын 1 тартып, өлкө туристтерди Кызыл деңиздин жээгиндеги мейманканалардан гана кабыл алат. Башында, мейманканалар келгендердин 70% гана кабыл алат. Эгер курорттор ачылгандан кийин илдет жайылып кетпесе, Египеттин башка да жээктери конокторду кабыл ала баштайт.

«Биз конокторубуздун бири вирус алып келе турганын же бул жерде жуктуруп алышы мүмкүн экендигин жокко чыгарбайбыз. Бул учурда биз бир катар сунуштарды иштеп чыктык. Илдет аныкталган учурда туристке Египетте түзүлгөн COVID-19 менен күрөш фондунун эсебинен дары-дармектер жана керетүү дарылоо сунушталат. Бирок азыркы учурда курорттордогу кырдаал катуу көзөмөлдө. Шарм-эль-Шейх, Хургада жана Мерс Матрух курорттору таза аймактар деп жарыяланды», - деди конок үйлөр тармагынын ага менежери Али Шаири.

Коронавирус Испаниянын туризм индустриясына көп өзгөрүүлөрдү алып келди. Эпидемия саякатчылар үчүн эс алуу жайларын тандоого да таасирин тийгизди. Өлкөнүн тоолорунда таза абада эс алууну каалаган туристтердин саны көбөйдү. Жергиликтүү туроператорлордун бири жаңы талапты эске алып, Ронда тоосунун боорунда дарбыз жана козу карын сыяктуу эс алуу жайларын ачты. Бизнес ээсинин айтымында, барган сайын жаратылышта эс алууну каалаган адамдардын саны артууда.

Бирок, бардык өлкөлөрдө негизги талап - учактын трапынан баштап,  мейманкананын босогосуна чейин туристтердин эпидемиологиялык коопсуздугун катуу көзөмөлдөө кажет.

 

Фото: pnp.ru