Казакстанда COVID-19 аныкталгандардын саны 21 327ге жетти

Казакстанда COVID-19 аныкталгандардын саны 21 327ге жетти

Соңку 24 сааттын ичинде өлкөдө 12 адам коронавирустан көз жумду. Жалпысынан Казакстанда өткөн суткада 547 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 2,6% түздү. Оору жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан (+72) жана Алматыда (+54) катталганын РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 21 327ге жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 3788 (+72)

Алматы - 3716 (+54)

Караганды - 2219 (+43)

Атырау  - 1617 (+11)

Шымкент - 1609 (+53)

Батыш Казакстан - 1431 (+42)

Түркестан - 832 (+35)

Актөбе  - 828 (+51)

Чыгыш Казакстан облусу - 742 (+46)

Павлодар  - 709 (+35)

Алматы облусу  - 701 (+20)

Жамбыл - 683 (+13)

Кызылорда  - 653 (+19)

Маңгыстау - 478 (+6)

Акмола облусу - 472 (+15)

Костанай - 471 (+12)

Түндүк Казакстан - 378 (+20).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 1066 инфекция алып жүрүүчү катталды. Айрыкча, Атырау жана Караганды облустарында өсүш байкалды. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 16 639 адамдан аныкталды.

12 933 казакстандык айыгып чыкса, 178 бейтап көз жумду.

Айта кетсек, бүгүн Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус илдетинин таралышына каршы чараларды кабыл алуу боюнча кеңешме өткөрөт. Анда Мамлекет башчысы учурдагы абалга баа берип, жарандардын саламаттык сактоонун сапатын арттырууга багытталган чараларды жарыялайт.  Кеңешке Өкмөт  мүчөлөрү, бир катар мекеменин башчылары, облус акимдери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы маалымдады.  

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz


×