Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны – 19 750

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны – 19 750

Соңку 24 сааттын ичинде өлкөдө 4 адам коронавирустан көз жумду. Маркумдардын үчөө Алматыдан, бирөө Акмола облусунан болгон.

Жалпысынан Казакстанда өткөн суткада 465 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 2,4% түздү. Ооруу жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан (+67) жана Чыгыш Казакстан (+54), Караганды (+46) облустарында катталганын РКнын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 19750гө жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 3613 (+67)

Алматы - 3549 (+19)

Шымкент  - 1482 (+36)

Акмола облусу - 414 (+23)

Актөбе - 716 (+23)

Алматы облусу - 645 (+15)

Атырау  - 1584 (+24)

Чыгыш Казакстан облусу - 609 (+54)

Жамбыл  - 647 (+10)

Батыш Казакстан - 1305 (+38)

Караганды - 2080 (+46)

Костанай  - 420 (+25)

Кызылорда - 615 (+19)

Маңгыстау- 462 (+6)

Павлодар - 593 (+25)

Түндүк Казакстан  - 302 (+15)

Түркестан - 714 (+20).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 883 ооруу алып жүрүүчү катталды. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 13560 адамдан аныкталды.

12 220 казакстандык сакайып чыкса, 140 бейтап каза тапты.  

Белгилей кетсек, бейшемби күнү Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен РКнын Саламаттык сактоо министри кызматына Алексей Цой дайындалды. Мекеменин мүрунку башчысы Елжан Биртанов илдет жуктургандан кийин пневмониясы күчөп, ооруканада жатат.

Фото: inform.kz