Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 19 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны 19 миңден ашты

Казакстанда өткөн суткада 520 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 2,8% түзгөнүн республиканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Эң көп жуктуруу учуру өлкө борборунда – 62 жана Алматы шаарында - 60 бейтап катталды. Жалпы өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 19 285 адам.

Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 3546 (+62)

Алматы - 3530 (+60)

Шымкент  - 1446 (+42)

Акмола облусу - 391 (+23)

Актөбе - 693 (+22)

Алматы облусу - 630 (+10)

Атырау - 1560 (+20)

Чыгыш Казакстан облусу - 555 (+48)

Жамбыл - 637 (+11)

Батыш Казакстан - 1267 (+46)

Караганды  - 2034 (+41)

Костанай - 395 (+26)

Кызылорда  - 596 (+12)

Маңгыстау - 456 (+7)

Павлодар - 568 (+33)

Түндүк Казакстан - 287 (+16)

Түркестан  - 694 (+41).

Өлкөдө статистикага кошулбаган коронавирус белгилери жок 956 вирус алып жүрүүчү катталды. Ошентип, алардын жалпы саны 12 677 адамга жетти.

Айыгып чыккандардын саны  11 882, 136 адам илдеттин курмандыгы болду.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz


×