КВИ эпидемиясы учурундагы тез жардам кызматы

КВИ эпидемиясы учурундагы тез жардам кызматы

Айдын башынан бери борбордогу 103 кызматына чалуулардын саны 4 эсеге көбөйдү. Орто эсеп менен тез жардам бригадасы күнүнө 4000 чалууну кабыл алат. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык тез жардам станциясынын мүдүрү Мурат Оразбаев Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди.

«Учурда тармакта 118ден ашык мобилдик топ иштеп жатат. Алардын бардыгы 100% коопсуздук жана жеке коргоонуу каражаттары менен жабдылган. 103 тармагына чалуулардын көбөйүшүнө байланыштуу 103 диспетчердик кошумча чалууларды кабылдоочу пульттар ачылды, ошондой эле, коронавирустук инфекция маселелерин чечүү боюнча калкты тейлөөчү атайын борбор уюштурулду», - дейт ал.

Улуттук тез медициналык координация борбору башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Бахтияр Жусиповдун айтымында, COVID-19 инфекциясын жуктурду деген күмөн саноо менен 103 кызматына 50 миңден ашык чалуу келип түшкөн. Алардын 70% ооруканага жаткырылды.

«Бизде туруктуу алгоритм бар. Алгоритмге ылайык, биз тобокелчиликке чалдыккан адамдарды үйдө, клиниканын райондук дарыгерлеринин көзөмөлүндө калтырдык. Мындай бейтаптар ооруканага жаткырылган жок. Атүгүл айрым учурларда инфекциясынын белгилери жок учурлар да катталды», - деди Жүсипов.

Кулжа айынын 1нен тарта Нур-Султанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу тез жардам кызматына 2623  чалуу болгон. Алардын жарымы ооруканага жаткырылды. Калган бейтаптар участкалык дарыгердин көзөмөлүндө болуп, үйлөрүнө жиберилди.

 

Фото: baigenews.kz


×