Улуттук экспертиза борбору 5 шаарда коронавируска ПЧР-тест жүргүзбөйт

Улуттук экспертиза борбору 5 шаарда коронавируска ПЧР-тест жүргүзбөйт

Улуттук экспертиза борбору өлкөнүн 5 шаарында жеке адамдар арасында коронавируска акылуу ПЧР-тест жүргүзүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук борбордун расмий сайтында кабарланды.

«Коронавирус инфекциясын ПЧР-тест ыкмасы менен аныктоого мамлекеттик тапшырыктар боюнча жасала турган изилдөөлөрдүн көлөмү абдан көп болууда. Тест тапшыруучулар арасында  бейтаптар менен байланышта болгон адамдар, медайымдар жана башка да категориядагы жарандар бар. Ушуга байланыштуу Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганды жана Уральск шаарларындагы жеке адамдардан анализ алууну убактылуу токтото турабыз», - деп айтылат борбордун маалыматында.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz