Казакстанда COVID-19 илдети аныкталгандардын саны 18 765ке жетти

Казакстанда COVID-19 илдети аныкталгандардын саны 18 765ке жетти

Казакстанда өткөн суткада 7 адам коронавирустан көз жумду. Анын үчөөсү Акмола облусунан, калганы Алматыдан.

Соңку 24 саат ичинде 534 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 2,9% түздү. Ооруу жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан (+77), Атырау облусунда (+65) жана Шымкентте (+47) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны 18 765ке жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 3484 (+77)

Алматы - 3470 (+41)

Караганды  - 1993 (+43)

Атырау облусу - 1540 (+65)

Шымкент шаары - 1404 (+47)

Батыш Казакстан - 1221 (+35)

Актөбе - 671 (+18)

Түркестан - 653 (+34)

Жамбыл - 626 (+10)

Алматы облусу - 620 (+23)

Кызылорда  - 584 (+12)

Павлодар облусу - 535 (+14)

Чыгыш Казакстан - 507 (+47)

Маңгыстау - 449 (+13)

Костанай - 369 (+11)

Акмола облусу - 368 (+19)

Түндүк Казакстан - 271 (+25).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган, коронавирус илдетинин белгилери байкалбаган, бирок оору алып жүрүүчүлөрдүн 1096 учуру катталды. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 11 721 адамдан аныкталып жатат.

11 514 казакстандык илдеттен айыгып чыкса, 134 бейтап каза тапты.

 

Фото:elorda.info