Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 18 миңден ашты

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 18 миңден ашты

Казакстанда өткөн суткада 7 адам коронавирус илдетинен каза тапты. Анын 6 Нур-Султанда, 1 Костанай облусунда дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Акыркы 24 саат ичинде 499 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Өсүш 2,8% түздү. Ооруу жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Шымкент (+61), Нур-Султан (+59) жана Караганды облусунда (+53) катталган деп кабарлайт РКнын саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча  COVID-19 бейтаптарынын саны 18 231ге жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 3407 (+59)

Алматы - 3429 (+39)

Шымкент - 1357 (+61)

Акмола облусу - 349 (+21)

Актөбе - 653 (+25)

Алматы облусу  - 597 (+14)

Атырау облусу - 1475 (+35)

Чыгыш Казакстан облусу - 460 (+31)

Жамбыл - 616 (+16)

Батыш Казакстан - 1186 (+29)

Караганды - 1950 (+53)

Костанай - 358 (+33)

Кызылорда - 572 (+17)

Маңгыстау - 436 (+2)

Павлодар  - 521 (+21)

Түндүк Казакстан облусу - 246 (+21)

Түркестан - 619 (+22).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 816 вирус алып жүрүүчү катталды. Буга чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 10 625 адамдан аныкталган.

11 158 казакстандык айыгып чыкса, 127 адам көз жумду.

 

Фото: zakon.kz


×