Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 17 732ге жетти

Казакстанда COVID-19 бейтаптарынын саны 17 732ге жетти

Казакстанда өткөн суткада 507 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өсүш 2,9% түздү. Ооруу жуктуруу учурларынын басымдуу бөлүгү Нур-Султан шаарында (+103) жана Караганды облусунда  (+58) катталган деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип, республика боюнча  COVID-19 бейтаптарынын саны 17 732ге жетти.

Өлкө аймактарындагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары  - 3348 (+103)

Алматы - 3390 (+32)

Шымкент - 1296 (+19)

Акмола облусу - 328 (+22)

Актөбе - 628 (+18)

Алматы облусу  - 583 (+10)

Атырау облусу - 1440 (+38)

Чыгыш Казакстан облусу - 429 (+34)

Жамбыл - 600 (+9)

Батыш Казакстан - 1157 (+32)

Караганды - 1897 (+58)

Костанай  - 325 (+33)

Кызылорда  - 555 (+7)

Маңгыстау  - 434 (+15)

Павлодар  - 500 (+31)

Түндүк Казакстан облусу - 225 (+27)

Түркестан  - 597 (+19).

Ошондой эле, жалпы статистикага кошулбаган коронавирус илдетинин белгилери жок 964 вирус алып жүрүүчү катталды. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда симптомсуз коронавирус 9809 адамдан аныкталды.

10 897 казакстандык айыгып чыкса, 120 бейтап көз жумду.

 

Фото: tengrinews.kz


×