Казакстанда аткаруучулук иш жүргүзүү боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Казакстанда аткаруучулук иш жүргүзүү боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Казакстанда сот актыларынын аткарылышы тездетилет. Ушул максатта өлкөдө аткаруучулук иш жүргүзүү боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу юстиция министри Марат Бекетаев элге кезектеги отчёт берүү учурунда билдирди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө аткаруучу сот өндүрүшүнүн автоматташтырылган маалымат тутумун андан ары өркүндөтүү максатында экинчи даражадагы он төрт банктын маалымат базасы менен бириктирилди.

«Эми сот аткаруучулары онлайн режимде каржы институттарындагы көйгөйлөрдү тез арада жүктөп жана жок кыла алышат. Мындан тышкары, нотариустардын аткаруучулук  документтерди электрондук форматта алууга мүмкүндүк берген «Е-нотариат» маалыматтык тутуму менен өз ара аракеттенүү ишке кошулду», - деди Марат Бекетаев.

Ошондой эле, өнөр жайды пайдаланууга «СМС-билдирүү» кызматы ишке кошулду. Эми номерлер катталган учурда карызкорлордун телефондоруна иш козгоо жана ага карата кабыл алынган чаралар жөнүндө SMS-билдирүүлөр келип түшөт.

«Сот өндүрүшүнүн автоматташтырылган маалымат тутумунун мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу пландаштырылууда. Бул кызматтык иш-аракеттерди кеңседен тышкары жерде жүргүзүүгө, тараптардын процесстик документтери менен таанышууга, көрүлүп жаткан чаралардын абалын өзгөртүүгө, санкциялардын берилишин тездетүүгө, автоматтык түрдө  карыздарды өндүрүп алууга мүмкүндүк берет», - дейт Юстиция министри.

Мекеме башчысы белгилегендей, теке айында өлкөдө кепилденген электрондук каттоо ишке кошулат. Бул өз ара аракеттенүүнүн алкагында кыймылсыз мүлк ээси документтерди тапшыруу үчүн ЭККга кайрылуунун кажети жок, анткени банктар күрөө жөнүндө маалыматты каттоо органына электрондук форматта өз алдынча жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Каттоо бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

 

Фото: inbusiness.kz