Казакстанда COVID-19ду аныктоо максатында 1 миллиондон ашык тест жүргүзүлдү

Казакстанда COVID-19ду аныктоо максатында 1 миллиондон ашык тест жүргүзүлдү

Казакстанда бир суткада тест жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн 35 миңге чейин көбөйтүү мерчемделүүдө. Азыркы учурда бул көрсөткүч 28 миңди түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустук инфекцияга жалпысынан 1 млн 271 миң 471 тест жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Лязат Актаева билдирди. Учурда сыноо эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча, профилактикалык максаттарда жана эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында жүргүзүлүүдө. Башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин буйругуна ылайык лабораториялык текшерүүгө:

- ооругандар жана вирус алып жүрүүчүлөр;

- КРВИ, грипп, пневмония;

- бейтаптар менен байланышта болгон адамдар;

- стационарлар менен медициналык-социалдык мекемелерге жаткырылган адамдар;

- медицина кызматкерлери;

- аскерге чакырылуучулар,

- РКнын аймагына келген адамдар жатат.

«Казакстанда коронавирустун 1 учуруна 78 тест туура келет. Бул Орусия, АКШ, Италия, Канада, Австриядагы тестирлөөнүн деңгээлинен жогору, 100 миң адамга чыкканда  тесттердин саны 6824 түзөт», - деди ал.

Казакстан түрк жана кытай өнөктөштөрү менен бирге өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын чыгарууну колго алмакчы. Бул тууралуу Өкмөттүн отурумунда индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6 айда өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарына болгон муктаждык 132 даананы түзгөн. Бүгүнкү күнгө чейин 380 даана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты чыгарылды. Алардын ичинен 164 даанасы колдонууга даяр, 216 бирдиги заводдо текшерилип жатат. Калган 200 даана ушул жылдын теке айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Кошумча стационардык шаймандарды өндүрүү максатында түрк жана кытай өнөктөштөрү менен өндүрүштү кеңейтүү жүргүзүлүүдө», - деди министр.

Анын айтымында, BARK Technology ЖЧКсы казакстандык жогорку технологиялык долбоорун иштеп чыгууда. Ушул жылдын теке айынын аягына чейин компания өзүнүн иштеп чыгууларын аяктап, Саламаттык сактоо министрлигине тестирлөө үчүн 20 аппарат берет. Калган 112 даана ушул жылдын баш оона-аяк оона  айларында чыгарылат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө өлкөдө жеке коргонуу шаймандары менен камсыздоого өзгөчө артыкчылык берилип жатат. Бейбит Атамкуловдун айтымында, ушул жылдын аягына чейин коргоочу костюмдарды чыгаруучу 3 ишкана ишке киргизилет.

«6 ай ичинде коргоочу костюмдарга болгон муктаждык 1,3 миллион даананы түздү. Өндүрүштү көбөйтүү үчүн ушул жылдын аягына чейин 3 жаңы ишкананы ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул иш-чаралардын бардыгы коргонуучу костюмдардын өндүрүшүн айына 800 миң даанага жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Медициналык колкаптарга болгон муктаждык 83,7 миллион жупту түзөт. Учурда эки компания күнүнө 330 миң жуп колкап чыгарат. Келечекте өндүрүштү күнүнө 460 миң түгөйгө жеткирүүнү пландап жатабыз», - деди Бейбит Атамкулов.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов Казакстанда биологиялык коопсуздук жана биотехнология жаатындагы изилдөөлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтты. Аталган маселе менен 12 илимий уюм  алектенет. Анда 4,5 миңге жакын адам иштейт. Ошол эле учурда, министр өлкөнүн 2 илимий мекемесине кыскача токтолду. Алардын бири - Улуттук биотехнология борбору. Борбордо сертификаты бар 25 илимий лаборатория жана квалификациялуу кызматкерлер эмгектенишет.

«Пандемиянын башталышында тест системалары өлкөгө жеткирилгенге чейин бул уюмдун окумуштуулары SARS-CoV-2 коронавирусунун түрү штампсыз  жасалма синтез аркылуу жаңы коронавирустун бар-жогун аныктаган ишенимдүү ПЦР тест системасын иштеп чыгышты. Ушундан улам эпидемиянын алгачкы күндөрүндө ушул тест системасы менен жалпы диагноз коюлуп жатты. Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы менен аталган борбор учурда 11 ПЦР тест-системасын иштеп чыкты», - дейт Асхат Аймагамбетов.

Министр айтып өткөн дагы бир  мекеме Биотехнологиялык коопсуздук маселелерин илимий-изилдөө институту. 1958-жылы ачылган институттун 13 лабораториясы коркунучтуу инфекциялар менен алектенген алдыңкы илимпоздордун башын бириктирет.

«Институт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен эң коркунучтуу инфекцияларга каршы вакциналарды иштеп чыгуу боюнча келишим түзгөн. Институттун изилдөөлөрү негизинен медицинада жана айыл чарбасында вакциналардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууга, иммунобиологиялык препараттарды өндүрүүгө, коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу ооруларды диагностикалоо үчүн тест системаларын иштеп чыгууга багытталган», - деди министр.

 

Фото: hightech.fm


×